8-берене. Чебер
Күчүндө · 08.02.2022 редакциясы
1. Чебер төмөнкүлөргө укуктуу:
1) шакирттерди товарларды даярдоого, жумуштарды аткарууга жана кызматтарды көрсөтүүгө тартууга;
2) шакирттерди өзүнүн өнөрүнө үйрөтүүгө;
3) жүргүзүлүп жаткан кол өнөрчүлүк иштин багытына ылайык келген эмгек продукциясын өндүрүүгө, ошондой эле аларды өз алдынча, же болбосо башкача түрдө сатууга;
4) өндүрүлүүчү товарлардын, жумуштардын жапа кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларын аныктоого;
5) чакан ишкердиктин субъекттери үчүн белгиленген бардык жеңилдиктерден пайдаланууга.
Чебер ишкердик ишти өзү билгендей уюштурат.
2. Чебер төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) даярдалып жаткан товарлардын, аткарылып жаткан жумуштардын жана көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын талаптагыдай камсыз кылууга;
2) товарларды даярдоого, жумуштарды аткарууга, кызматтарды көрсөтүүгө түздөн- түз өзү катышууга;
3) шакирттердин ишине контроль жүргүзүүгө;
4) шакирттерди ак ниеттүүлүк менен кесиптик окутуп-үйрөтүүгө.
Берененин тексти 08.02.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112349/st-8" title="8-берене - Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иш жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>