7-берене. Кол өнөрчүлүк субъекттеринин укуктары жана милдеттери
Күчүндө · 08.02.2022 редакциясы
1. Кол өнөрчүлүк субъекттери төмөнкүлөргө укуктуу:
1) кол өнөрчүлүк продукциясын өндүрүүгө жана ушул продукцияга ээлик кылууга;
2) шакирт-практикантты кол өнөрчүлүк продукцияны өндүрүү процессине жана башка тиешелүү жумуштарды аткарууга өз алдынча тартууга;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган талаптардын алкагында жекече же топтук түрдө шакирт-практикантты окутууга;
4) өзү даярдаган, өндүргөн же өз алдынча жасаган продукциясынын баасын аныктоого;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жеңилдиктерден пайдаланууга;
6) кол өнөрчүлүк маселелери боюнча ар кандай деңгээлдеги иш-чараларга катышууга;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бирикмелерди түзүүгө;
8) кол өнөрчүлүк чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кол өнөрчүлүк чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча сунуштарды берүүгө.
2. Кол өнөрчүлүк субъекттери төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга жооп берген товарларды жана продукцияларды өндүрүүнүн сапатын камсыз кылууга;
2) шакирт-практиканттын иш жүргүзүү процессин контролдоого;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка милдеттерди аткарууга.
Берененин тексти 08.02.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112349/st-7" title="7-берене - Кыргыз Республикасындагы кол өнөрчүлүк иш жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>