76-берене. Социалдык фонддун компетенциясы
Күчүндө · 18.01.2022 редакциясы · 15-глава
Социалдык фонд бюджеттик укук мамилелерин жөнгө салуу жаатында:
1) Социалдык фонддун бюджети жөнүндө, бюджет жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыгат жана аларды Министрлер Кабинетинин кароосуна берет;
2) Социалдык фонддун бюджетин түзүү жана аткаруу боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялайт;
3) Пенсиялык фонддун, Мамлекеттик топтоо фондунун, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун, Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун чыгашаларын каржылоону камсыз кылат;
4) убактылуу эркин каражаттарды Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарындагы кыска мөөнөттүү депозиттерге жайгаштырат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик жана муниципалдык баалуу кагаздар менен операцияларды жүзөгө ашырат;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында уруксат берилген активдерге пенсиялык топтоо каражаттарын жайгаштырат;
6) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча бюджеттик табыштамаларды даярдайт жана ассигнованиелерди берүүгө негиздемелерди түзөт, бюджет аралык трансферттерди пайдалануу боюнча отчеттуулукту, Социалдык фонддун бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчеттуулукту мамлекеттик бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту түзүү үчүн жана башка маалыматты даярдайт жана берет;
7) ассигнованиелердин пайдаланылышынын даректүүлүгүн жана максаттуу мүнөзүн камсыз кылат;
8) Социалдык фонддун бюджетинин долбоору боюнча коомдук угууларды уюштурат жана өткөрөт, пикир келишпестиктер боюнча протоколдорду даярдайт жана аларды расмий сайтка жарыялайт;
9) ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
76-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112343/st-76" title="76-берене - Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>