75-берене. Мамлекеттик органдардын бюджеттик укук мамилелерин жөнгө салуу жаатындагы компетенциясы
Күчүндө · 18.01.2022 редакциясы · 15-глава
Мамлекеттик органдар бюджеттик укук мамилелерин жөнгө салуу жаатында:
1) өнүгүүнүн тармактык (сектордук) стратегиясын/программасын иштеп чыгат;
2) сектор боюнча бюджеттик чыгашалардын стратегиясын иштеп чыгат жана бекитет;
3) ведомствонун, анын ичинде анын ведомстволук караштуулуктагы мекемелеринин бюджетин түзөт жана аткарат;
4) өздөрүнүн ведомстволук караштуулуктагы мекемелеринин бюджетти түзүү жана аткаруу боюнча ишин координациялайт жана уюштурат;
5) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча ведомствонун бюджетинин аткарылышы боюнча отчеттуулукту жана башка маалыматты даярдайт жана берет;
6) Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана ресурстардын администраторлорунун реестрине ылайык бюджет ресурстарынын администраторлорунун функцияларын аткарат;
7) өз ишинин чөйрөсүндө ведомстволук каржылык контролду уюштурат жана жүзөгө ашырат;
8) бекитилген бюджеттик ассигнованиелерге жана бюджеттик милдеттенмелердин лимиттерине ылайык бюджеттик каражаттардын майнаптуулугун, натыйжалуулугун жана аткарылышынын даректүүлүгүн камсыз кылат;
9) ведомствонун жана ведомстволук караштуулуктагы бюджеттик мекемелердин милдеттенмелери боюнча жооп берет;
10) бюджеттик чыгашалардын стратегияларынын долбоорлору боюнча коомдук угууларды уюштурат жана өткөрөт, пикир келишпестиктер боюнча протоколдорду даярдайт жана аларды расмий сайтка жарыялайт;
11) ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
75-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112343/st-75" title="75-берене - Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>