73-берене. Улуттук банктын компетенциясы
Күчүндө · 18.01.2022 редакциясы · 15-глава
Улуттук банк бюджеттик укук мамилелерин жөнгө салуу жаатында:
1) акча-насыя саясатын аныктайт жана Министрлер Кабинети менен өз ара аракетте аны жүзөгө ашырат;
2) Бирдиктүү казыначылык эсепте турган Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин каражаттарын тейлейт;
3) ал процесстерге ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түздөн-түз катышуусунун камсыз кылуу менен, корпоративдик төлөм карталарынын эмитенти катары чыгуу укугу менен, Кыргыз Республикасынын банктар аралык төлөм тутумдарына түздөн-түз катышуучу катары катышат;
4) Министрлер Кабинетинин каржы агенти болуп саналат;
5) республикалык бюджеттин долбоорун түзүүдө Министрлер Кабинетине консультация берет;
6) бюджеттик мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды жана республикалык бюджет жөнүндө, аларга өзгөртүүлөр тууралуу мыйзамдардын долбоорлоруна жана өткөн жылдагы республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетко карата корутундуларды алар Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген күндөн тартып 10 күндөн кечиктирбестен Жогорку Кеңешке киргизет;
7) ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
73-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112343/st-73" title="73-берене - Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>