72-берене. Эсептөө палатасынын компетенциясы
Күчүндө · 18.01.2022 редакциясы · 15-глава
Эсептөө палатасы бюджеттик укук мамилелерин жөнгө салуу жаатында:
1) каржылык аудитти жана натыйжалуулук аудитин жүргүзүүдө төмөнкүдөй өзгөчө укукка ээ:
а) Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринин жана бухгалтердик отчеттуулуктун аткарылышына;
б) мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы боюнча ресурстардын администраторлорунун ишине;
в) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын абалына жана башкарылуусуна;
г) мамлекеттик жана муниципалдык менчикти башкарууга;
д) мамлекеттик жана/же муниципалдык катышуу үлүшү бар ишканалардын жана уюмдардын ишине;
е) бюджеттик каражаттарды алуучулардын - менчик же менчиктин башка түрүндөгү юридикалык жактардын берилген бюджеттик каражаттарга карата ишине;
ж) Улуттук банктын Министрлер Кабинетинин эсептерин тейлөө боюнча операцияларды жүзөгө ашыруу бөлүгүндө, республикалык бюджетке чегерилүүчү пайданы эсептөөнүн тууралыгына;
з) Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттерин тейлөө бөлүгүндө коммерциялык банктарды жана башка насыялык-каржы мекемелерди;
и) бюджеттен тышкаркы каражаттардын пайдаланылышына;
2) республикалык бюджеттин, Социалдык фонддун, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттеринин аткарылышы жөнүндө отчетторго карата корутундуларды Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген күндөн тартып 10 күндөн кечиктирбестен берет;
3) бюджеттик мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды Жогорку Кеңешке киргизет;
4) бюджеттик мыйзамдардын жана каржылык тартиптин табылган бузууларын четтетүү боюнча аткарууга карата милдеттүү болгон жазма эскертүүлөрдү жиберет;
5) ушул Кодекстин 93-беренесинин жоболоруна ылайык бюджеттин долбоорун түзөт;
6) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
72-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112343/st-72" title="72-берене - Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>