Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
84-берене. Салык төлөөчүнүн депозити
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 7-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 августа 2026 года № 145
1. Ушул Кодексте белгиленген учурларда, ошондой эле товарларды ташып келүүдө Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган учурларда келечекте салык төлөөчүдө келип чыгышы мүмкүн болгон салык төлөөчүнүн салык милдеттенмесин аткаруу салык милдеттенмесинин өлчөмүндөгү акча каражаттарын салык органынын депозиттик эсебине салык төлөөчү тарабынан салык төлөөчүнүн депозити аркылуу төлөө менен камсыз кылынышы мүмкүн.
2. Товарларды импорттоодо депозит төлөгөн учурларды кошпогондо, депозитти кабыл алган салык органы депозитти төлөгөндүгүн ырастоочу маалымкатты салык төлөөчүгө берет.
3. Салык кызматынын органы салык төлөөчүнүн депозитин кабыл алган салык кызматынын органынын чечиминде каралган учурларда, шарттарда жана мөөнөттөрдө гана депозиттик эсепте сакталган суммаларды тескөөгө укуктуу.
4. Салык депозитинин суммасына пайыздар эсептелбейт.
5. Депозит аркылуу камсыз кылуунун натыйжасында салык төлөөчүдө салык милдеттенмеси келип чыккан учурлар болсо, салык төлөөчүнүн салык милдеттенмесинин суммасы депозиттин суммасынан бюджетке которулат.
6. Салык төлөөчүдө салык милдеттенмеси келип чыкпаган окуя болгон учурда, ошондой эле салык милдеттенмеси салынган депозиттин суммасынан аз өлчөмдө келип чыккан учурда, төлөнгөн акча каражаты же алардын калдыгы салык төлөөчүгө кайтарылып берилет же анын каалоосу боюнча алдыдагы мезгилдер үчүн салык милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуу же башка салыктар боюнча милдеттенмелерин аткаруу эсебине эсептелүүгө тийиш.
7. Төлөнгөн суммаларды кайтарып берүү же эсептөө салык төлөөчү ушул Кодексте белгиленген документтерди берүү менен салык органдарына арыз тапшырган күндөн кийинки күндөн тартып 20 күндөн ашпаган мөөнөттө жүзөгө ашырылат.
8. Товарларды ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден импорттоодо акча каражаттарын депозиттик эсепке төлөө, аларды пайдалануу жана кайтарып берүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 185, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"Редакцияларды салыштыруу
06.08.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…аткаруу салык милдеттенмесинин өлчөмүндөгү акча каражаттарын салык алынып салынды: кызматынын органынын депозиттик эсебине салык төлөөчү тарабынан салык төлөөчүнүн … төлөөчү ушул Кодексте белгиленген документтерди берүү менен салык алынып салынды: кызматынын органдарына арыз тапшырган күндөн кийинки күндөн тартып 20 күндөн … Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № алынып салынды: 185 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 185, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-84" title="84-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>