Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
362-берене. Роялтини төлөөнүн жана салык отчетун берүү мөөнөтү
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 45-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 2 февраля 2024 года № 31
1. Салык төлөөчү роялтини төлөөнү эсептик катталган жери боюнча отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен ай сайын жүргүзөт.
2. Роялти салыгын төлөөчү болуп саналган чакан ишкердиктин субъектиси тарабынан, анын ичинде отчеттук кварталдын ичинде катталган салык төлөөчүлөр үчүн роялтини төлөө, отчеттук кварталдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен квартал сайын эсептик каттоо жери боюнча жүргүзүлөт.
3. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, роялти салыгын төлөөчү тарабынан салык отчету эсептик катталган жери боюнча отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирилбестен ай сайын берилет.
4. Роялти салыгын төлөөчү болуп саналган чакан же орто ишкердик субъектинин салык отчету эсептик катталган жери боюнча отчеттук кварталдан кийинки айдын 20сынан кечиктирилбестен квартал сайын берилет.
5. Эсептик каттоосу жок болгон учурда роялтини төлөө жана салык отчетун берүү учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча жүзөгө ашырылат.
6. Ишкердикти жүзөгө ашыруу менен байланышпаган, өзүнө таандык же анын пайдалануусунда турган жер участогунан кум, топурак, кум-шагыл аралашмасын казып алууну жер участогунун менчик ээси же жерди пайдалануучу салык отчетун бербейт.
(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 2-февралындагы № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябры № 592 ""Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна…Постановление · 15.11.2016 · № 592 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-362" title="362-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>