Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
237-берене. Мүлктү ишенимдүү башкаруу келишиминин катышуучуларынын салыктык базасын аныктоонун өзгөчөлүктөрү
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 30-глава
1. Мүлктү ишенимдүү башкаруу келишиминин катышуучуларынын салыктык базасын аныктоо төмөнкүчө жүзөгө ашырылат:
1) ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык эгерде аталган келишимдин шарттары боюнча пайда табуучу уюмдун уюштуруучусу болуп саналган учурда;
2) ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык эгерде аталган келишимдин шарттары боюнча уюмдун уюштуруучусу пайда табуучу болуп саналбаган учурда.
2. Ушул бөлүмдүн максаттары үчүн ишенимдүү башкаруу келишими боюнча өткөрүп берилген мүлк ишенимдүү башкаруунун кирешеси катары таанылбайт.
Мүлктү ишенимдүү башкаруу келишимин колдонуу мөөнөтүнүн ичинде ишенимдүү башкаруучу алган сый акы анын кирешеси болуп саналат. Ишенимдүү башкаруучу, ушул бөлүмгө ылайык салыктык базаны аныктаган учурда, аларды башкаруунун уюштуруучусу жана/же пайда табуучу тарабынан эсепке алуу үчүн, мүлктү ишенимдүү башкаруу боюнча салыктык мезгил үчүн кирешелерди жана чыгашаларды аныкташы жана башкарууну уюштуруучуга жана/же пайда табуучуга алынган кирешелер жана тартылган чыгымдар жөнүндө маалыматты бериши керек.
3. Ишенимдүү башкаруунун уюштуруучусунун кирешелери мүлктү ишенимдүү башкаруу келишиминин алкагында анын жылдык жыйынды кирешесинин курамына кирет.
Мүлктү ишенимдүү башкаруу келишимин аткарууга, ага кошо мүлктүн амортизациясына байланыштуу чыгымдар, ошондой эле ишенимдүү башкаруучунун сый акылары киреше алууга байланыштуу тартылган чыгымдар деп таанылат жана башкарууну уюштуруучунун чыгымдары болуп эсептелет.
4. Ишенимдүү башкаруу келишиминин алкагындагы пайда табуучунун кирешелери анын жылдык жыйынды кирешесинин курамына кирет жана белгиленген тартипте салык салынууга тийиш.
Мүлктү ишенимдүү башкаруу келишимин аткарууга, ага кошо мүлктүн амортизациясына байланыштуу чыгымдар, ошондой эле ишенимдүү башкаруучунун сый акылары киреше алууга байланыштуу тартылган чыгымдар деп таанылат жана пайда табуучунун чыгымдары болуп эсептелет. Мындай келишимдин колдонуу мөөнөтүнүн ичинде ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген мүлктү пайдаланууда учураган чыгымдар ушул бөлүмгө ылайык салык салуу максатында эске алынган уюштуруучунун (пайда табуучунун) чыгашасы катары таанылбайт.
5. Ишенимдүү башкаруу келишими токтотулган учурда ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген мүлк аталган келишимдин шарттары боюнча башкаруунун уюштуруучусуна кайтарып берилиши же башка адамга берилиши мүмкүн.
Мүлк кайтарылып берилген учурда, мүлктү ишенимдүү башкаруу келишими күчүнө кирген учурга жана токтотулган учурга ишенимдүү башкарууга берилген мүлктүн наркынын ортосунда оң же терс айырма пайда болгонуна карабастан, башкармалыкты уюмдаштыруучуда киреше же чыгаша пайда болбойт.
6. Ушул берене ушул берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацында каралган учурду кошпогондо, обочолонгон мүлктүк комплексти - пайдык инвестициялык фондду түзүүчү башкаруучу компанияга жана мүлктү ишенимдүү башкаруу келишиминин катышуучуларына (уюштуруучуларына) жайылтылбайт.
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-237" title="237-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>