Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
181-берене. Өз-өзүнчө эсепке алуу жана аны жүргүзүү эрежелери
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 21-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 августа 2026 года № 145
1. Иштин түрлөрүн жүзөгө ашыруучу, алар үчүн ушул Кодексте салык салуунун ар кандай шарттары каралган салык төлөөчүлөр салык салуу объекттерине өз-өзүнчө эсепке алуу жүргүзүүгө милдеттүү, анын ичинде:
1) жеке ишине жана жөнөкөй шериктиктин ишине карата жөнөкөй шериктик келишимине ылайык эсепке алуу жүргүзүү милдети жүктөлгөн салык төлөөчү;
2) жеке ишине жана ишенимдүү башкарууну уюштуруучунун мүлкүн башкаруу боюнча ишке карата ишенимдүү башкаруу келишимине ылайык эсепке алуу жүргүзүү милдети жүктөлгөн салык төлөөчү;
3) ар кандай салык режимдерин колдонуу менен иш жүргүзгөн салык төлөөчү;
4) салык салуунун ар кандай шарттарына тийиштүү иштин түрлөрүн жүзөгө ашырган салык төлөөчү.
2. Өз-өзүнчө эсепке алуу салык төлөөчүлөр тарабынан бухгалтердик эсепке алуу маалыматтарынын негизинде жүргүзүлөт.
3. Иштин түрлөрүнүн ортосунда чыгымдарды бөлүштүрүүдө салык төлөөчү иштин ушул түрүнө тийиштүү көрсөткүчтөрдүн каалаганын тандап алууга укуктуу:
1) сатуудан түшкөн акча;
2) түздөн-түз чыгымдар;
3) жайлардын аянты.
Чыгымдар товардын, иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн ар бир түрүнө туура келип, тандап алынган көрсөткүчтүн үлүшүнө пропорциялуу бөлүштүрүлөт. Салык салуунун ар кандай шарттары каралган иштин түрлөрүнүн ортосундагы чыгашаларды бөлүштүрүү салык төлөөчүнүн салык саясатында белгиленүүгө тийиш. Эгерде чыгашаларды бөлүштүрүү үчүн тандап алынган көрсөткүч салык төлөөчү тарабынан ушул беренеге ылайык белгиленбесе, ыйгарым укуктуу салык органы ушул беренеде белгиленген каалаган көрсөткүчтү колдонуу менен салык төлөөчүнүн чыгашаларын өз алдынча бөлүштүрүүгө укуктуу. Иштин белгилүү бир түрүнө таандык болгон кирешелер жана чыгашалар ушул Кодекстин талаптарына ылайык эсепке алуу документтери менен ырасталууга тийиш.
(КР 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"Редакцияларды салыштыруу
06.08.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…ылайык эсепке алуу жүргүзүү милдети жүктөлгөн салык төлөөчү;
3) алынып салынды: Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иш жүргүзгөн салык төлөөчүнү кошпогондо, ар кандай салык режимдерин колдонуу менен иш жүргүзгөн салык … менен ырасталууга тийиш.
(КР 2025-жылдын 31-декабрындагы № алынып салынды: 262 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 262, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-181" title="181-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>