Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
168-берене. Салык төлөөчүнүн даттануусунун формасы жана мазмуну
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 20-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37
1. Салык төлөөчүнүн даттануусу жазуу жүзүндө кол менен же заказды кат менен почта аркылуу же электрондук документ түрүндө салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу же электрондук кайрылуу түрүндө электрондук кайрылууларды кабыл алуу үчүн арналган ыйгарым укуктуу салык органынын электрондук почтасынын расмий дарегине электрондук почта аркылуу берилет.
2. Даттанууда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) даттанууну берген дата;
2) даттануу берилип жаткан салык кызматынын органынын аталышы;
3) даттанууну берген адамдын аты-жөнү же болбосо толук аталышы, анын жашаган жери (турган жери);
4) салык төлөөчүнүн ИСНи;
5) чечимине даттануу берилген салык кызматынын органынын аталышы;
6) даттануу берип жаткан салык төлөөчү өзүнүн талабын негиздеген жагдайлар жана бул жагдайларды ырастоочу далилдер;
7) тиркелүүчү документтердин тизмеги;
8) даттанылуучу чечимдердин реквизиттери;
9) даттанууну кароонун жыйынтыгын жөнөтүү үчүн дарек.
3. Даттанууда талаш-тартышты чечүү үчүн мааниси бар башка маалыматтар да көрсөтүлүшү мүмкүн.
4. Даттанууга салык төлөөчү кол коёт.
5. Даттанууга төмөнкүлөр тиркелет:
1) салыктык контролдун жыйынтыгы боюнча материалдардын жана актынын көчүрмөлөрү;
2) ал боюнча чечимдин көчүрмөсү;
3) салык төлөөчү өзүнүн талаптарын негиздеген жагдайларды ырастоочу, салык төлөөчү жана башка органдар тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтер;
4) ишке тиешеси бар башка документтер.
(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"Редакцияларды салыштыруу
12.02.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…формасы жана мазмуну 1. Салык төлөөчүнүн даттануусу жазуу жүзүндө кошулду: кол менен же заказды кат менен почта аркылуу же электрондук документ түрүндө салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу же электрондук кайрылуу түрүндө электрондук кайрылууларды кабыл алуу үчүн арналган ыйгарым укуктуу салык органынын электрондук почтасынын расмий дарегине электрондук почта аркылуу берилет. 2. Даттанууда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: 1) даттанууну … күбөлөндүрүлгөн документтер; 4) ишке тиешеси бар башка документтер. кошулду: (КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-168" title="168-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>