Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
135-берене. Экспертиза
Күчүндө · 06.08.2026 редакциясы · 15-глава
1. Зарыл болгон учурларда, анын ичинен салыктык контролдоо боюнча иш-аракеттерди жүргүзүүдө салыктык укук мамилелеринин тараптары төмөнкүлөрдүн каражаттарынын эсебинен келишимдик негизде экспертти тартышы мүмкүн:
1) республикалык бюджеттин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин;
2) салык төлөөчүнүн, салык төлөөчүлөрдүн уюмдарынын, анын ичинде бизнес-ассоциациялардын, ушул субъекттердин кесиптик бирикмесинин.
2. Ушул беренеде эксперт деп атайын билими бар жана салыктык укук мамилелеринин тараптары тарабынан экспертиза жүргүзүү үчүн тартылуучу адам түшүнүлөт.
3. Эксперттин алдына коюлган маселелер жана анын корутундусу эксперттин атайын билимдеринин чегинен чыкпоого тийиш.
4. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган учурларда экспертиза жүргүзүү жөнүндө чечим салык төлөөчүнүн же салыктык текшерүү жүргүзүүчү салык кызматынын органынын кызмат адамынын арызы боюнча салык органынын жетекчиси тарабынан кабыл алынат.
Чечимде төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) экспертиза дайындоо үчүн негиздер;
2) эксперттин аты-жөнү жана экспертиза жүргүзүлүүгө тийиш болгон уюмдун аталышы;
3) эксперттин алдына коюлган маселелер;
4) эксперттин карамагына берилүүчү материалдар.
5. Эксперт экспертизалоо предметине таандык текшерүү материалдары менен таанышууга, ага кошумча материалдарды берүү жөнүндө өтүнүч билдирүүгө укуктуу.
6. Эксперт эгерде ага берилген материалдар жетишсиз болсо же анын экспертиза жүргүзүү үчүн зарыл болгон билими жок болсо, корутунду берүүдөн баш тарта алат.
7. Салыктык текшерүү жүргүзүүчү салык кызматынын органынын кызмат адамы текшерилүүчү салык төлөөчүнү ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык кабыл алынган чечим менен тааныштырууга жана ушул берененин 9-бөлүгүндө каралган анын укуктарын түшүндүрүүгө милдеттүү, бул тууралуу протокол түзүлөт.
8. Эксперт өзүнүн атынан кат жүзүндө корутунду берет. Эксперттин корутундусунда ал жүргүзгөн изилдөөлөр, коюлган маселелерге карата тыянактар жана негиздүү жооптор жазылат. Эгерде эксперт экспертиза жүргүзүүдө иш үчүн маанилүү болгон, алар боюнча ага маселе коюлбаган жагдайларды аныктаса, ал мындай жагдайлар тууралуу тыянактарды өзүнүн корутундусуна киргизүүгө укуктуу.
9. Эксперттин корутундусу же анын корутунду берүүгө мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүүсү экспертти тарткан тарапка берилет. Экинчи тарап өзүнүн түшүндүрмөлөрүн берүүгө жана каршы пикирин билдирүүгө, ошондой эле экспертке кошумча маселелерди коюу жана кошумча же кайрадан экспертиза дайындоо жөнүндө суранууга укуктуу.
10. Кошумча экспертиза корутунду жетиштүү түрдө түшүнүктүү болбогон же толук болбогон учурда дайындалат жана ошол эле же башка экспертке тапшырылат.
Кайрадан экспертиза жүргүзүү эксперттин корутундусу негиздүү болбогон же анын тууралыгына шектенген учурда дайындалат жана башка экспертке тапшырылат. Кошумча жана кайрадан экспертиза жүргүзүү ушул беренеде каралган талаптарды сактоо менен дайындалат.
Берененин тексти 06.08.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Рейддик салык контролун жүргүзүү жана материалдарын тариздөө тартиби (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 токтомуна)Порядок · 24.02.2022 · № 95
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августу № 533 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу…Постановление · 28.08.2025 · № 533
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-февралындагы № 83 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-февралындагы № 95 "Кыргыз…Постановление · 27.02.2024 · № 83 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112340/st-135" title="135-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>