Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
20-берене
Күчүндө · 31.12.2022 редакциясы
1. Пилоттук министрликтердин 2022-2024-жылдарга программалык бюджеттери жана натыйжалуулук индикаторлорунун максаттуу багыттары 11-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Пилоттук министрликтердин жетекчилерине укук берилсин:
1) 111-тиркемеде каралган мамлекеттик органдын бюджеттик программаларын эске алуу менен, чектүү штаттык сандын чегинде түзүмүн жана зарыл болгон штаттык бирдиктердин санын өз алдынча аныктоого;
2) 111-тиркемеде каралган программалык бюджеттерди ишке ашыруунун жүрүшүндө бошотулган акча каражаттарын пайдаланууга:
- 111-тиркемеде каралган башка программаларды ишке ашырууга айрым бюджеттик программалар боюнча каралган каражаттарды үнөмдөөдөн;
- бош кызмат орундардын болушунан жана штаттык бирдиктерди оптималдаштыруудан пайда болгон үнөмдөөдөн, мамлекеттик органдардын эмгек акы төлөө фондунун чегинде, ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык талаптарды сактоодо кызматчыларга жана кызматкерлерге эмгек акыга коэффициентти (же кызматтык маянага үстөктү) белгилөөгө багыттоого.
3. Пилоттук министрликтер программалык бюджеттерди аткарууда төмөнкү талаптардын сакталышын камсыз кылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине ушул Мыйзам күчүнө киргенден кийин 10 жумушчу күндүн ичинде бюджеттик программалар жана бюджеттик чаралар боюнча натыйжалуулук индикаторлорунун жарым жылдык пландык маанилерин берүүнү;
2) бюджеттик программалар жана бюджеттик чаралар боюнча натыйжалуулук индикаторлорунун жарым жылдык жана жылдык пландык маанилерине жетүүнү;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жарым жылдык жана жылдык негизде бюджеттик программалар жана бюджеттик чаралар боюнча натыйжалуулук индикаторлоруна жетүү жөнүндө отчетторду берүүнү.
4. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык акча каражаттары 2022-жыл үчүн бюджеттик программалар жана бюджеттик чаралар боюнча натыйжалуулук индикаторлорунун жарым жылдык жана жылдык пландык маанилерине жетүүнүн жыйынтыгы боюнча пилоттук министрликтин 2023-жылдагы бюджетинде каралат.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүлөргө укуктуу:
1) бюджеттик программалар жана бюджеттик чаралар боюнча жарым жылдык пландык натыйжалуулук индикаторлоруна жетишилген учурда пилоттук министрликтин бюджеттик сметасын көбөйтүүгө;
2) бюджеттик программалар жана бюджеттик чаралар боюнча жарым жылдык пландык натыйжалуулук индикаторлоруна жетишилбеген учурда пилоттук министрликтин бюджеттик сметасын кыскартууга.
Бул беренеге ылайык пилоттук министрликтин бюджеттик сметасын көбөйтүү жана кыскартуу 5 пайыздан ашпайт.
Берененин тексти 31.12.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 163 "2022-2024-жылдар мезгилине программалык бюджеттөөнү ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 25.03.2022 · № 163 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112336/st-20" title="20-берене - Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>