3-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылган негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 июля 2025 года № 180
1. Эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса, ушул Мыйзамда колдонулган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын санарип жана башка тармактарындагы институттар, терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде жана тиешелүү тармактык мыйзамдарда берилген аныктамада колдонулат.
2. Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги терминдер, түшүнүктөр жана аныктамалар пайдаланылат:
1) верификациялоо - белгиленген талаптардын аткарылганынын объективдүү күбөлөндүрмөсүн берүүнүн негизиндеги ырастоо;
2) глобалдык Интернет желеси (мындан ары - Интернет желеси) - Интернет-протоколду (Internet Protocol-IP) жана маалыматтарды берүү протоколун (Transmission Control Protokol-TCP) пайдаланууга негизделген глобалдык даректик мейкиндик аркылуу ар кыл өлкөлөрдүн маалыматтык тутумдарын жана электр байланыш тарамдарын бириктирген глобалдык маалыматтык-телекоммуникациялык тарам;
3) электрондук документтерди коргоо - жеке мүнөздөгү маалыматтарды жана/же коммерциялык сырды кошуп алганда, электрондук билдирүүдө же документте камтылган жана мындай маалыматка санкцияланбаган жетүүнү жокко чыгаруучу, электрондук документтерди коргоо, электрондук маалыматтардын бүтүндүгүн, купуялуулугун жана аныктыгын коргоо;
4) интернет-дүкөн - товардын (жумуштун, кызмат көрсөтүүнүн) сыпаттамасы, анын наркы, бүтүмдү аткаруу шарттары, төлөө жана жеткирүү жолдору менен керектөөчүнүн таанышуусунун негизинде Интернет желесинде керектөөчү менен электрондук бүтүм түзүүгө мүмкүндүк берүүчү маалымат ресурсу;
5) интернет-ресурс - Интернет желесинде жарыялоо үчүн арналган жана аны Интернет желесинде идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү уникалдуу дарекке ээ техникалык жана программалык-аппараттык мүнөздөгү интеграцияланган каражаттардын жыйындысы (сайт (веб-сайт), блог, веб-канал, веб-ресурс, веб-сервис, веб-тиркемелер);
6) соода платформасынын оператору - соода платформасынын менчик ээси жана/же башкаруучусу болуп саналган, ар кандай милдеттерди аткарууну жана/же электрондук бүтүмдүн катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылган юридикалык же жеке жак;
7) электрондук соодадагы ортомчу (мындан ары - ортомчу) - электрондук бүтүмдөрдү жасоодо коштоочу кызматтарды көрсөтүүчү юридикалык жак;
8) электрондук соодадагы сатуучу (мындан ары - сатуучу) - маалыматтык-коммуникациялык технологияларды, Интернет желесин пайдалануу менен ишкердик ишти жүзөгө ашыруучу, товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуучу юридикалык же жеке жак;
9) (КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 180 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
10) соода платформасы - Интернет желеси аркылуу товарларды жана/же жумуштарды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү сатууну камсыз кылуучу программалык жана техникалык каражаттардын жыйындысы;
11) электрондук документ - электрондук формада, башкача айтканда электрондук эсептөө машиналарын пайдалануу менен адамдын кабыл алуусу үчүн жарактуу түрдө берилген документтештирилген маалымат;
12) документтин электрондук түрү - кагаз алып жүрүүчүдөгү документтин сканирленген же фотографиялык түрүн көрсөткөн, техникалык каражаттардын жардамы менен кагаз алып жүрүүчүдөн сканирленген документтин мазмунуна өзгөртүүлөрдү киргизүүсүз, бирдиктүү бүтүндүк катары электрондук формага кайра келтирген электрондук формадагы маалымат;
13) электрондук соода - маалыматтык-коммуникациялык технологияларды, Интернет желесин пайдалануу менен товарларды сатуу, жумуштарды аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү боюнча экономикалык иштин түрү. Аталган иш өзүнө электрондук түрдө келишимдерди түзүүнү, электрондук төлөмдөрдү жүргүзүүнү, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону жана келишимдик милдеттенмелерди аткарууну камтыйт;
14) электрондук бүтүм - маалыматтык-коммуникациялык технологиялар аркылуу ушул Мыйзамдын жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарынын талаптарына ылайык түзүлүүчү электрондук сооданын катышуучуларынын ортосундагы жарандык-укуктук бүтүм;
15) электрондук билдирүү - маалыматтык-коммуникациялык технологиялар аркылуу берилген же алынган маалымат;
16) электрондук формадагы жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр (мындан ары - кызмат көрсөтүүлөр) - Интернет желеси аркылуу маалыматтык-телекоммуникациялык технологиялар аркылуу аткарылуучу жана көрсөтүлүүчү жумуштар же кызмат көрсөтүүлөр;
17) электрондук сооданын катышуучулары - электрондук соодада сатуучу, соода платформасынын оператору, сатып алуучу жана ортомчу болуп саналган электрондук бүтүмдүн тараптары;
18) электрондук бүтүмдөгү келишимдик укуктук мамилелер - Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте сатуучу менен сатып алуучунун ортосундагы келишимди түзүү же бузуу аркылуу келип чыгуучу жарандык-укуктук мамилелер.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 26-июнундагы № 128, 2025-жылдын 19-майындагы 98, 2025-жылдын 31-июлундагы № 180 Мыйзамыдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 31 июля 2025 года № 180 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в связи с принятием Цифрового кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 26 июня 2023 года № 128 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об электронной торговле"Редакцияларды салыштыруу
31.07.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
Ушул Мыйзамда пайдаланылган негизги түшүнүктөр
1. алынып салынды: Ушул кошулду: Эгерде ушул Мыйзамда алынып салынды: пайдаланылуучу кошулду: башкача каралбаса, ушул Мыйзамда колдонулган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын кошулду: санарип жана башка алынып салынды: тармактарынын институттары, терминдери кошулду: тармактарындагы институттар, терминдер жана алынып салынды: аныктамалары, эгерде ушул Мыйзамда башкасы каралбаса, алар мыйзамдардын бул тармактарында кандай мааниде пайдаланылса, ошол эле маанисинде кошулду: аныктамалар Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде жана тиешелүү тармактык мыйзамдарда берилген аныктамада колдонулат.
2. Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги терминдер, түшүнүктөр … кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуучу юридикалык же жеке жак;
9) алынып салынды: смарт-контракт - программалык код аркылуу жүзөгө ашырылуучу, бүтүмдөрдү автоматтык түрдө жасоо жана/же аткаруу үчүн арналган жарандык-укуктук бүтүм;
кошулду: (КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 180 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
10) соода платформасы - Интернет желеси аркылуу товарларды жана/же … 2023-жылдын 26-июнундагы № 128, 2025-жылдын 19-майындагы алынып салынды: 98 кошулду: 98, 2025-жылдын 31-июлундагы № 180 Мыйзамыдарынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз РеспубликасынынКодекс · 31.07.2025 · № 178
- Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 31.07.2025 · № 180
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112333/st-3" title="3-берене - Электрондук соода жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>