Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
20-берене. Аудитордун кесиптик квалификациясын ыйгаруу
Күчүндө · 20.06.2025 редакциясы · 4-глава
Күчүнө кире элек өзгөртүү: Закон КР от 20 июня 2025 года № 122. Берененин тексти бул өзгөртүүлөр менен берилди.
1. Аудитордун кесиптик квалификациясын алуу максатында талапкер Билим берүүнүн эл аралык стандарттары боюнча кеңеш тарабынан чыгарылуучу Билим берүүнүн эл аралык стандарттарынын талаптарына шайкеш келген Экзамендерди уюштуруу жана өткөрүү тартибине ылайык бекитилген Аудитордун кесиптик квалификациясынын программасы боюнча экзамендерди ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда тапшырат.
2. Экзаменге кирүү жөнүндө арыз берилген учурга карата төмөнкүдөй талаптарга ылайык келген талапкерлер Аудитордун кесиптик квалификациясынын программасы боюнча экзаменге киргизилет:
1) жогорку билими бар;
2) кесиптик аудитордук уюм тарабынан берилген, окуу программалары ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аккредиттелген Аудитордун кесиптик квалификациясынын программасы боюнча экзамендерди тапшыргандыгы тууралуу ырастоочу документи бар;
3) оор жана өзгөчө оор кылмыштары жана экономика чөйрөсүндөгү кылмыштары үчүн жоюла элек соттуулугу жок;
4) белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир жумушта иштөө укугунан ажыратылбаган.
3. Аудитордун квалификациялык сертификатын берүү менен аудитордун кесиптик квалификациясы төмөнкүдөй талапкерге ыйгарылат:
1) Аудитордун кесиптик квалификациясынын программасы боюнча бардык экзамендерди тапшырган;
2) аудитордук иш жана/же бухгалтердик эсеп жаатында 3 жылдан кем эмес иш стажына ээ болгон, мында аудитордун кесиптик квалификациясын ыйгаруу учуруна карата акыркы 3 жылдын ичинде аудитордук ишти жүзөгө ашыруу менен байланышкан кызматтарда 1 жылдан кем эмес практикалык иш тажрыйбасы болгон. Аудитордун квалификациялык сертификатынын колдонуу мөөнөтү чектелбейт.
4. Экзамендерди уюштуруу жана өткөрүү, аудит жана бухгалтердик эсеп жаатындагы иш стажын таануу, аудитордун квалификациялык сертификатын берүү, бухгалтердик эсеп жана аудит жаатындагы эл аралык таанылган квалификациялык сертификаттарды таануу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
(КР 2025-жылдын 20-июнундагы № 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 20.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 20 июня 2025 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере бухгалтерского учета и аудиторской деятельности"күчүнө кире элек · Редакцияларды салыштыруу
20.06.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…программасы боюнча экзаменге киргизилет:
1) жогорку билими бар;
2) алынып салынды: жогорку окуу жайы жана/же кесиптик аудитордук уюм алынып салынды: берген, кошулду: тарабынан берилген, окуу программалары ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан … Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
кошулду: (КР 2025-жылдын 20-июнундагы № 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы № 536 "Аудитордук иш чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 10.08.2026 · № 536
- Экзамендерди уюштуруу жана өткөрүү, аудит жана бухгалтердик эсеп жаатындагы иш стажын таануу, аудитордун квалификациялык сертификатын берүү жана бухгалтердик эсеп жана аудит…Порядок · 10.08.2026 · № 536
- Экзамендерди уюштуруу жана өткөрүү, аудит жана бухгалтердик эсеп жаатындагы иш стажын таануу, аудитордун квалификациялык сертификатын берүү, бухгалтердик эсеп жана аудит…Порядок · 11.01.2024 · № 5 · Күчүн жоготкон
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2024-жылдын 11-январындагы № 5 "Экзамендерди уюштуруу жана өткөрүү, аудит жана бухгалтердик эсеп жаатындагы иш стажын таануу…Постановление · 11.01.2024 · № 5 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112324/st-20" title="20-берене - Аудитордук иш жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>