Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
19-берене. Аудитордук ишти мамлекеттик жөнгө салуу жана аудиттин сапатын тышкы контролдоо
Күчүндө · 20.06.2025 редакциясы · 4-глава
Күчүнө кире элек өзгөртүү: Закон КР от 20 июня 2025 года № 122. Берененин тексти бул өзгөртүүлөр менен берилди.
1. Аудитордук ишти мамлекеттик жөнгө салуу жана аудиттин сапатын тышкы контролдоо төмөнкүлөрдү билдирет:
1) аудитордук иш чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты аныктоо;
2) аудиттин стандарттарын, сапатты башкаруу стандарттарын, коштоочу стандарттарды жана Этика кодексин мамлекеттик тилге которууну уюштуруу;
3) аудиттин стандарттарын, сапатты башкаруу стандарттарын, коштоочу стандарттарды жана Этика кодексин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жарыялоо;
4) аудитордук иш, аудиттин сапатын тышкы контролдоо, аудитордун кесиптик квалификациясын ыйгаруу жана аудиторлорго үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү, аудитордун кесиптик квалификациясынын жана аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүүсүнүн программалары боюнча кесиптик аудитордук бирикмелердин окуу программаларын аккредитациялоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу;
5) аудитордун кесиптик квалификациясын ыйгарууну жана аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүүсүнө мониторингди уюштуруу;
6) аудитордун кесиптик квалификациясынын жана аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүүсүнүн программалары боюнча кесиптик аудитордук бирикмелердин окуу программаларын аккредитациялоо;
7) аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикменин ушул Мыйзамдын, аудиттин стандарттарынын жана сапатты башкаруу стандарттарынын жана Этика кодексинин талаптарын сактоосун контролдоо;
8) Бирдиктүү мамлекеттик реестрди жүргүзүү, ошондой эле Бирдиктүү мамлекеттик реестрде камтылган маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте берүү;
9) аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин отчеттуулугун кароо;
10) аудиттин сапатына тышкы контролду жүргүзүү жана анын натыйжаларын кароо;
11) Евразия экономикалык бирлигине катышкан өлкөлөрдүн органдары менен өз ара аракеттенүү, ошондой эле башка чет мамлекеттердин аудитордук иштерди жөнгө салуу жана контролдоо боюнча функцияларды жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу органдары менен кызматташуу;
12) аудит чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.
13) Аудитордун квалификациялык сертификаты бар жеке жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү.
2. Аудитордук ишти мамлекеттик жөнгө салууну жана аудиттин сапатын тышкы контролдоону ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.
3. Аудиттин стандарттарын, сапатты башкаруу стандарттарын, Этика кодексинин жана аудит чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аудитордун жана/же аудитордук уюмдун бузуу фактыларын аныктоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аудитордук иш чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген анын укуктарынын негизиндеги жана чектериндеги өзгөчө компетенциясы болуп саналат.
4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өз функцияларын жүзөгө ашырууда аудитордук уюмдардан, аудиторлордон, кесиптик аудитордук бирикмелерден аудитордук ишке жана/же кесиптик аудитордук бирикменин ишине тиешелүү болгон зарыл документтерди жана/же маалыматты суратууга укуктуу.
(КР 2025-жылдын 20-июнундагы № 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 20.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 20 июня 2025 года № 122 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере бухгалтерского учета и аудиторской деятельности"күчүнө кире элек · Редакцияларды салыштыруу
20.06.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…мамлекеттик саясатты аныктоо;
2) аудиттин стандарттарын, сапатты алынып салынды: контролдоо кошулду: башкаруу стандарттарын, коштоочу стандарттарды жана Этика кодексин мамлекеттик тилге которууну уюштуруу;
3) аудиттин стандарттарын, сапатты алынып салынды: контролдоо кошулду: башкаруу стандарттарын, коштоочу стандарттарды жана Этика кодексин ыйгарым … үзгүлтүксүз кесиптик билим берүүсүнүн программалары боюнча алынып салынды: жогорку окуу жайлардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин окуу программаларын аккредитациялоо … үзгүлтүксүз кесиптик билим берүүсүнүн программалары боюнча алынып салынды: жогорку окуу жайлардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин окуу программаларын … бирикменин ушул Мыйзамдын, аудиттин стандарттарынын жана сапатты алынып салынды: контролдоо кошулду: башкаруу стандарттарынын жана Этика кодексинин талаптарын сактоосун … мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.
кошулду: 13) Аудитордун квалификациялык сертификаты бар жеке жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү.
2. Аудитордук ишти мамлекеттик жөнгө салууну жана аудиттин сапатын … мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.
3. Аудиттин стандарттарын, сапатты алынып салынды: контролдоо кошулду: башкаруу стандарттарын, Этика кодексинин жана аудит чөйрөсүндөгү Кыргыз … болгон зарыл документтерди жана/же маалыматты суратууга укуктуу.
кошулду: (КР 2025-жылдын 20-июнундагы № 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112324/st-19" title="19-берене - Аудитордук иш жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>