1-берене
Күчүндө · 01.12.2021 редакциясы
"Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 5, 391-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берененин 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) мамлекеттик ипотекалык насыя - мамлекеттик турак жай программаларынын алкагында, сатып алынуучу турак жайды күрөөгө коюу менен финансылык-насыялык мекемелер тарабынан инвестициялык акча каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын жарандарына берилүүчү, мамлекеттик колдоосу бар узак мөөнөттүү насыя. Турак жайларды сатып алууга же курууга мамлекеттик ипотекалык насыяларга Кыргыз Республикасынын жарандары улуттук валютада алган максаттуу насыялар кирет. Инвесторлордун/эл аралык донорлордун/кредиторлордун каражаттарынын эсебинен, ошондой эле инвесторлордун/эл аралык донорлордун/кредиторлордун катышуусу менен иштелип чыккан турак жай программаларынын алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарына берилүүчү ипотекалык насыялардын шарттары жана параметрлери өзүнчө келишимдер/макулдашуулар менен жөнгө салынат;";
2) 10-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ипотекалык насыялоонун мөөнөтү жыйырма беш жылга чейин.".
Берененин тексти 01.12.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндөЗакон · 04.05.2017 · № 73
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112322/st-1" title="1-берене - Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>