Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2021-жылдын 2-декабры № 144 "Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене. "Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 5, 391-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берененин 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) мамлекеттик ипотекалык насыя - мамлекеттик турак жай программаларынын алкагында, сатып алынуучу турак жайды күрөөгө коюу менен финансылык-насыялык мекемелер тарабынан инвестициялык акча каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын жарандарына берилүүчү, мамлекеттик колдоосу бар узак мөөнөттүү насыя. Турак жайларды сатып алууга же курууга мамлекеттик ипотекалык насыяларга Кыргыз Республикасынын жарандары улуттук валютада алган максаттуу насыялар кирет. Инвесторлордун/эл аралык донорлордун/кредиторлордун каражаттарынын эсебинен, ошондой эле инвесторлордун/эл аралык донорлордун/кредиторлордун катышуусу менен иштелип чыккан турак жай программаларынын алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарына берилүүчү ипотекалык насыялардын шарттары жана параметрлери өзүнчө келишимдер/макулдашуулар менен жөнгө салынат;";
2) 10-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ипотекалык насыялоонун мөөнөтү жыйырма беш жылга чейин.".
2-берене. Ушул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2021-жылдын 3-ноябпында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндөЗакон · 04.05.2017 · № 73
Шилтеме берет (1)
- Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндөЗакон · 04.05.2017 · № 73