9-берене. Судьялардын курултайынын ыйгарым укуктары
Күчүндө · 04.06.2025 редакциясы · 2-глава
1. Судьялардын курултайы:
1) Судьялардын съездинин Регламентин, Судьялар кеңешинин Регламентин жана соттук өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жөнгө салуучу башка актыларды бекитет;
2) сот бийлигинин саясатынын негизги багыттарын аныктайт жана Судьялар кеңешинин алдына соттордун көз карандысыздыгын камсыз кылууга, ошондой эле судьялардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган милдеттерди коёт;
3) Судьянын ар-намыс кодексин бекитет;
4) судьялар коомдоштугунун атынан мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, алардын кызмат адамдарына, коомдук бирикмелерге, коммерциялык эмес уюмдарга жана Кыргыз Республикасынын жарандарына карата кайрылууларды кабыл алат;
5) Судьялар кеңешинин мүчөлөрүн шайлайт;
6) Судьялар кеңешинин резервин шайлайт;
7) Судьялар кеңешинин төрагасынын отчетун угат;
8) судьялар коомдоштугунун башка маселелерин чечет.
2. Судьялар курултайынын чечимдери судьялар коомдоштугунун мүчөлөрү үчүн милдеттүү мүнөзгө ээ.
Берененин тексти 04.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112312/st-9" title="9-берене - Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>