7-берене. Соттук өз алдынча башкаруу органдарынын ишин уюштуруучулук, финансылык жана материалдык-техникалык жагынан камсыз кылуу
Күчүндө · 04.06.2025 редакциясы · 1-глава
1. Соттук өз алдынча башкаруу органдарынын иши үчүн талаптагыдай шарттарды түзүү, ошондой эле соттук өз алдынча башкаруу органдарынын ишин финансылык жана материалдык-техникалык камсыз кылуу Сот департаментине жүктөлөт.
2. Соттук өз алдынча башкаруу органдарынын иши республикалык бюджеттен каржыланат.
3. Судьялар кеңешинин төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде (мындан ары - Жогорку Кеңеш) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинде (мындан ары - Министрлер Кабинети) бюджет маселелери боюнча соттук өз алдынча башкаруу органдарынын атынан чыгат.
Берененин тексти 04.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112312/st-7" title="7-берене - Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>