6-берене. Соттук өз алдынча башкаруу органдарынын негизги милдеттери
Күчүндө · 04.06.2025 редакциясы · 1-глава
Төмөнкүлөр соттук өз алдынча башкаруу органдарынын негизги милдеттери болуп саналат:
1) сот тутумун жана сот өндүрүшүн өркүндөтүүгө көмөк көрсөтүү;
2) судьялардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо;
3) сот ишин уюштуруучулук, кадрдык жана ресурстук камсыз кылууга катышуу;
4) сот тутумунун бюджетин түзүүнү жана аткарууну контролдоо;
5) мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, коммерциялык эмес уюмдар жана эл аралык уюмдар менен болгон мамилелерде судьялардын кызыкчылыктарын билдирүү;
6) судьяларды, сот аппаратарынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин (мындан ары – Сот департаменти), Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин (мындан ары – Сот адилеттигинин жогорку мектеби) кызматкерлерин окутууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу;
7) сот бийлигинин кадыр-баркын жогорулатуу, мыйзамдарда жана Судьялар этикасынын кодексинде коюлган судьялардын жүрүм-турум кынтыксыздыгы талаптарынын судьялар тарабынан аткарылышын камсыз кылуу;
8) судьяларды тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселелерди кароо;
9) судьялардын ишинин сапатын кесиптик баалоону жүзөгө ашыруу.
Берененин тексти 04.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112312/st-6" title="6-берене - Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>