27-берене. Судьяга карата кызматтык иликтөө
Күчүндө · 04.06.2025 редакциясы · 4-глава
1. Кайрылууну кайтарып берүү үчүн негиз болбогон учурда, Тартип комиссиясынын мүчөсү төраганын тапшырмасы боюнча ага материал келип түшкөн күндөн тартып отуз календардык күндөн кечиктирбестен кызматтык иликтөө жүргүзөт. Ага карата кайрылуу берилген судья жүйөлүү себептер менен жок болгон мезгил бул мөөнөткө кирбейт.
2. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыктары боюнча иликтөө жүргүзгөн Тартип комиссиясынын мүчөсү судьянын аракеттеринде (аракетсиздигинде) тартиптик жоруктун болушу же жок экендиги жөнүндө маалымкатты Тартип комиссиясынын кароосуна берет.
3. Кызматтык иликтөө өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) ага карата кайрылуу берилген судьяны сурамжылоону жана андан түшүндүрмөлөрдү жана башка далилдерди талап кылууну;
2) эгерде кайрылуу конкреттүү ишти кароодо судьянын жол берилген аракеттерине (аракетсиздигине) карата берилсе, судья караган иштин материалдарын изилдөөнү;
3) кайрылууну берүүгө негиз болгон себептер жана жагдайлар тууралуу толук маалыматты чогултуу боюнча кайсы болбосун башка аракеттерди.
4. Кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө Судьялар кеңешинин мүчөсү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) тиешелүү документтердин, анын ичинде соттук иштердеги документтердин көчүрмөлөрүн суратууга;
2) ага карата кайрылуу берилген судья иштеген соттун төрагасынан, ошондой эле башка мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана алардын кызмат адамдарынан башка зарыл маалыматтарды суратууга;
3) зарыл болгон учурда кайрылуу берген адамдан жазуу жүзүндөгү жана оозеки түшүндүрмөлөрдү, ошондой эле кайрылууда келтирилген жагдайларга байланыштуу башка кошумча далилдерди талап кылууга, күбөлөрдү сурамжылоого.
Берененин тексти 04.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
27-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112312/st-27" title="27-берене - Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>