26-берене. Кайрылууну кайтарып берүү
Күчүндө · 04.06.2025 редакциясы · 4-глава
1. Судьялар кеңеши кайрылууну төмөнкү учурларда маңызы боюнча карабастан, кайтарып берет:
1) эгерде ал ушул Мыйзамдын 25-беренеси менен каралган талаптарга ылайык келбесе;
2) кайрылуу кайра чакыртып алынса;
3) эгерде анда сот актысы даттанылса;
4) эгерде анда камтылган талап Судьялар кеңешинин ыйгарым укуктарына кирбесе;
5) эгерде ал мурда каралса жана ал жаңы жүйөлөрдү камтыбаса.
2. Кайрылууну кайтарып берүү жөнүндө чечим Тартип комиссиясынын жыйналышында кабыл алынат. Кайрылуу Тартип комиссиясынын төрагасынын же төрагасынын орун басарынын колу коюлган жүйөлөнгөн кат менен авторго кайтарып берилет.
3. Кайрылууну ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган негиздер боюнча кайтарып берүү, кемчиликтер четтетилгенден кийин кайрадан кайрылууга тоскоолдук кылбайт.
4. Ушул берененин l-бөлүгүнүн 3-5-пункттарында каралган негиздер боюнча кайтарылгандан кийин кайрадан кайрылган учурда, бул кайрылуу каралууга тийиш эмес.
Берененин тексти 04.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
26-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112312/st-26" title="26-берене - Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>