22-берене. Тартип комиссиясынын катчысы
Күчүндө · 04.06.2025 редакциясы · 4-глава
1. Тартип комиссиясынын катчысынын иш-милдеттери Тартип комиссиясынын катчылыгынын кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Тартип комиссиясынын катчысы;
1) Тартип комиссиясында иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштурат;
2) Тартип комиссиясынын жыйналышын даярдоону камсыз кылат;
3) Тартип комиссиясынын мүчөлөрүнө, кайрылуу менен кайрылган адамга жана ага карата кайрылуу берилген судьяга Тартип комиссиясынын жыйналышын өткөрүү күнү, убактысы жана орду жөнүндө кабарлайт;
4) Тартип комиссиясынын мүчөлөрүнө Тартип комиссиясынын кезектеги жыйналышынын күн тартибин жеткирүүнү камсыз кылат;
5) Тартип комиссиясынын жыйналышынын протоколу жүргүзөт;
6) кызыкдар жактарга чечимдердин көчүрмөлөрүн таркатууну камсыз кылат;
7) Тартип комиссиясынын төрагасынын буйругу боюнча башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
Берененин тексти 04.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112312/st-22" title="22-берене - Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>