20-берене. Тартип комиссиясынын төрагасынын жана төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктары
Күчүндө · 04.06.2025 редакциясы · 4-глава
1. Тартип комиссиясынын төрагасы:
1) Тартип комиссиясынын ишин уюштурат;
2) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка уюмдар менен өз ара мамилелерде Тартип комиссиясынын атынан чыгат;
3) жыйналышты чакырат, Тартип комиссиясынын жыйналыштарында кароого киргизилүүчү маселелерди аныктайт;
4) Тартип комиссиясынын жыйналыштарында төрагалык кылат;
5) Тартип комиссиясынын ишинин натыйжаларын жалпылоону уюштурат жана анын ишин уюштурууну жакшыртууга багытталган чараларды көрөт;
6) Судьялар кеңешине Тартип комиссиясынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маалымдайт;
7) Сот департаментинин директоруна Тартип комиссиясынын ишин уюштуруучулук, материалдык, техникалык жана методикалык камсыз кылуучу бөлүмдүн иши жөнүндө маалымдайт.
2. Тартип комиссиясынын төрагасы жок болгон мезгилде анын ыйгарым укуктарын орун басары аткарат.
21- берене. Тартип комиссиясынын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары
1. Тартип комиссиясынын мүчөсү:
1) Тартип комиссиясынын жыйналыштарына катышат;
2) даттанууларды жана сунуштарды (мындан ары - кайрылуу) алдын ала кароону жүзөгө ашырат;
3) Тартип комиссиясынын кароосуна берилген материалдар менен таанышат;
4) кызматтык иликтөө жүргүзөт, материалдарды изилдейт жана текшерет;
5) каралуучу маселе боюнча жүйөлүү жана негиздүү далилдерди келтирет;
6) чечимдерди кабыл алууга катышат;
7) Тартип комиссиясынын чечимдерине кол коёт;
8) ушул Мыйзамда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
2. Тартип комиссиясынын мүчөсү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Тартип комиссиясынын компетенциясына кирген маселелерди кароодо калыс жана объективдүү болууга;
2) тартиптик материалда камтылган купуя маалыматты ачыкка чыгарбоого;
3) эгерде ал ага карата чечим кабыл алынып жаткан адамдын жакын тууганы болсо, Тартип комиссиясынын жыйналышынын күн тартибине киргизилген маселени кароодо өзү катышуудан баш тартууну билдирүүгө.
Берененин тексти 04.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
20-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112312/st-20" title="20-берене - Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>