Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
14-берене. Судьялар кеңешинин ишин уюштуруу жана камсыз кылуу
Күчүндө · 04.06.2025 редакциясы · 3-глава
1. Судьялар кеңешинин катчылыгынын иш-милдеттери Сот департаментинин түзүмдүк бөлүмүнө жүктөлөт.
2. Судьялар кеңешинин региондордон келген мүчөлөрүнө Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте иш сапар чыгымдары төлөнүп берилет.
3. Судьялар кедешинин ишин уюштуруучулук, материалдык, техникалык жана методикалык камсыз кылуу республикалык бюджеттин каражаттарынан жүзөгө ашырылат.
Судьялар кеңешинин ишин материалдык, техникалык жана методикалык камсыз кылууну жакшыртуу максатында эл аралык уюмдардын каражаттары тартылышы мүмкүн.
15) берене. Судьялардын чогулушу жана анын ыйгарым укуктары
1. Судьялардын чогулушу Конституциялык соттогу, Жогорку соттогу жана жергиликтүү соттордогу соттук өз алдынча башкаруунун баштапкы органы болуп саналат.
2. Судьялардын чогулушу зарылдыгына жараша, бирок жылына эки жолудан кем эмес чакырылат.
3. Судьялардын чогулушу:
1) судьялардын көз карандысыздыгын камсыз кылууга, соттордун ишин уюштурууну өркүндөтүүгө жана судьялардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын билдирүүгө байланышкан маселелерди талкуулайт жана алар боюнча Судьялар кеңешине сунуштарды киргизет;
2) соттун бюджетин түзүүдө жана аткарууда Судьялар кеңешине сунуштарды киргизет;
3) судьяларды жана сот аппаратынын кызматкерлерин окутууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу боюнча сунуштарды киргизет;
4) Судьялар кеңешинин жана Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамын түзүү үчүн соттордун судьяларынын ичинен талапкерлерди сунуштайт.
4. Судьялардын чогулушу ага соттун судьяларынын жалпы курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса укук ченемдүү деп эсептелет.
Судьялардын чогулушунун чечими соттун судьяларынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Берененин тексти 04.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112312/st-14" title="14-берене - Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>