13-берене. Судьялар кеңешинин төрагасынын ыйгарым укуктары
Күчүндө · 04.06.2025 редакциясы · 3-глава
1. Судьялар кеңешинин төрагасы:
1) Судьялар кеңешин чакырат жана Судьялар кеңешинин регламентине ылайык анын ишин жетектейт;
2) Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын аныктайт;
3) Судьялар кеңеши кабыл алган чечимдерге кол коёт;
4) мамлекеттик бийлик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, коомдук бирикмелерде, жалпыга маалымдоо каражаттарында, ошондой эле эл аралык кызматташууну жүзөгө ашырууда Судьялар кеңешинин атынан чыгат;
5) Судьялар кеңешине келип түшкөн даттанууларды жана башка материалдарды кароону уюштурат, аларды Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн ортосунда бөлүштүрөт жана аларга Судьялар кеңешинин жыйналышына материалдарды даярдоону тапшырат.
2. Судьялар кеңешинде аткарылуучу иштин көлөмүнө жана татаалдыгына жараша Судьялар кеңешинин мүчөсү үчүн Судьялар кеңешинин төрагасынын жазуу жүзүндөгү сунушу боюнча тиешелүү соттогу негизги иштеген жери боюнча иш- милдети азайтылат.
Берененин тексти 04.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112312/st-13" title="13-берене - Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>