11-берене. Судьялар кеңешинин жетекчилиги
Күчүндө · 04.06.2025 редакциясы · 3-глава
1. Судьялар кеңеши өз курамынан Судьялар кеңешинин төрагасын жана анын орун басарын үч жылдык мөөнөткө Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайлайт.
Судьялар кеңешинин мүчөсү Судьялар кеңешинин төрагасынын же анын орун басарынын кызмат ордуна катары менен экиден ашык мөөнөткө шайлана албайт.
2. Судьялар кеңешинин төрагасынын жана анын орун басарынын ыйгарым укуктары алар шайланган мөөнөт аяктаганда токтотулат.
Судьялар кеңешинин төрагасынын жана анын орун басарынын ыйгарым укуктары кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган, Кыргыз Республикасынын судьясы катары ыйгарым укуктары токтотулган учурда да токтотулат.
3. Судьялар кеңешинин төрагасы жок болгон учурда, анын ыйгарым укуктарын төраганын орун басары аткарат, ал эми Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басары да жок болгон учурда өзүнүн чечими менен төраганын милдеттерин убактылуу аткарууну Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн бирине жүктөй алат.
Берененин тексти 04.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112312/st-11" title="11-берене - Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>