Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
95-берене. Соттуулук жана аны жоюу
Күчүндө · 24.07.2026 редакциясы · 16-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 декабря 2024 года № 209
1. Анча оор эмес, оор жана өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон адам соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып жоюлган учурга чейин соттолгон болуп эсептелет.
2. Коркунучтуулугу аз кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон адам өкүм аткарылган учурдан баштап соттуулугу жок деп таанылат.
3. Пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жаза дайындалган учурда пробациялык көзөмөл бүткөн күнү соттуулугу жоюлат.
4. Кылмыш жасаган адам жазадан бошотулгандан, жазасын өтөп бүткөндөн же жазаны аткаргандан кийин төмөнкү мөөнөттөр өтсө, ал соттуулугу жок деп, ал эми соттуулугу жоюлган деп эсептелет:
1) үч жыл - анча оор эмес кылмыш үчүн соттолгон учурда;
2) жети жыл - оор кылмыш үчүн соттолгон учурда;
3) он жыл - өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгон учурда.
5. Соттолгондордун жана соттуулугу жоюлган адамдардын реестри мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
6. Мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, соттулугун жоюу кылмыш жасоонун кылмыш-жаза-укуктук кесепеттерин жоёт.
(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112309/st-95" title="95-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>