Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
331-берене. Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо
Күчүндө · 24.07.2026 редакциясы · 41-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 11 июня 2026 года № 87
1. Иши улуттук, этностук, расалык, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу, улуттук ар-намысты кемсинтүү, жарандардын дини, улуту же расалык таандыктыгы, жашаган жеринин белгилери боюнча бөтөнчөлүгүн, артыкчылыгын, же болбосо кемчиликтерин пропагандалоо менен коштолгон экстремисттик уюмду түзүү, жетектөө, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен же аны колдонбостон үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Экстремисттик ишти жүзөгө ашыргандыгына байланыштуу сот тарабынан аны жоюу же анын ишине тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алынган экстремисттик уюмдун ишин уюштуруу, ошого тете жарандарды анын ишине азгыруу, көндүрүү, тартуу, -
үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен беш жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында экстремисттик ишти уюштурууну, даярдоону же жүзөгө ашырууну каржылоо ниетинде же каражаттардын ушул максаттарга толук же жарым-жартылай колдонула тургандыгын түшүнүү менен ар кандай методдор же ыкмалар менен, түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу) түрдө каражаттарды берүү, финансылык кызматтарды көрсөтүү же каражаттарды чогултуу, -
мүлкүн конфискациялоо менен эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен он жылдан он эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
4. Ушул берененин 1, 2 жана 3-бөлүктөрүндө каралган, төмөнкүдөй жасалган жосундар:
1) адамдардын тобу тарабынан;
2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;
3) кызмат абалынан пайдалануу менен адам тарабынан, -
мүлкүн конфискациялоо менен үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен он эки жылдан он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
5. Экстремисттик ишти жүзөгө ашыргандыгына байланыштуу аны жоюу же ишине тыюу салуу жөнүндө сот тарабынан чечим кабыл алынган экстремисттик уюмдун ишине катышуу, -
эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга же 200дөн 500 эсептик көрсөткүчтөргө чейин айып салууга жазаланат. Эскертүү. Экстремисттик ишти жүзөгө ашыргандыгына байланыштуу аны жоюу же ишине тыюу салуу жөнүндө сот тарабынан мыйзамдуу күчүнө кирген чечим кабыл алынган экстремисттик уюмдун ишине катышуусун ыктыярдуу токтоткон адам, эгерде ал мындай уюмдун уюштуруучуларын табууга жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга укук коргоо органдарына көмөк көрсөтсө, ушул беренеде каралган жосун үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат. Ушул беренеде каралган кылмышты биринчи жолу жасаган адам, эгерде ал экстремисттик ишти каржылоо жөнүндө өз ыктыяры менен билдирсе жана (же) кылмышты ачууга жана алдын алууга көмөк көрсөтсө, эгерде анын иш-аракеттеринде кылмыштын башка курамы жок болсо, кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат. Ушул беренеде экстремисттик мүнөздөгү кылмышты жасоого даярданып жаткан же жасаган адамдарга таандык каражаттарды же экстремисттик уюмдун контролундагы каражаттарды алуу же сактоо, же болбосо мындай каражаттар менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоо же аларды башкаруу финансылык кызмат көрсөтүү болуп саналат. (Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 160, 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 24.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 11 июня 2026 года № 87 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 28 июля 2025 года № 160 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере противодействия экстремистской деятельности"Редакцияларды салыштыруу
11.06.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…берүү, финансылык кызматтарды көрсөтүү же каражаттарды чогултуу, -
кошулду: мүлкүн конфискациялоо менен эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат алынып салынды: ордун кошулду: орундарын ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен он … тарабынан;
3) кызмат абалынан пайдалануу менен адам тарабынан, -
кошулду: мүлкүн конфискациялоо менен үч жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат алынып салынды: ордун кошулду: орундарын ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу менен он … жасоо же аларды башкаруу финансылык кызмат көрсөтүү болуп саналат.
алынып салынды: (КР кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-июлундагы № алынып салынды: 160 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 160, 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү…Закон · 28.10.2021 · № 126
- КОММЕНТАРИЙ К УГОЛОВНО-ПРОЦЕССУАЛЬНОМУ КОДЕКСУ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ (ОСОБЕННАЯ ЧАСТЬ)Комментарий
- Постановление Правительства КР от 20 декабря 2018 года № 598 "О проекте Закона Кыргызской Республики "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики…Постановление · 20.12.2018 · № 598 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112309/st-331" title="331-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>