31-берене. Этиятсыздыктан жасалган кылмыш
Күчүндө · 24.07.2026 редакциясы · 5-глава
1. Жеңил ойлуулуктан же этиятсыздыктан жасалган укукка каршы аракет же аракетсиздик этиятсыздыктан жасалган кылмыш деп таанылат.
2. Эгерде адам өзүнүн жосунун укукка жат деп баалабаса, этияттык кылуу зарылдыгын сезе билип, бирок залал келтирилиши мүмкүн экендигин алдын ала көрө билгендигине карабастан залал келтирилбейт деп негизсиз үмүт кылса, жеңил ойлуулуктан жасалган кылмыш деп таанылат.
3. Эгерде адам этияттык кылуу зарылдыгына шалаакылык мамиле кылгандыктан, мындай зарылдыкты түшүнбөсө жана залал келтирүү мүмкүндүгүн көрө билбесе, аларды түшүнбөсө жана алдын ала көрө биле албаса, шалаакылыктан жасалган кылмыш деп таанылат.
4. Этияттык кылуу зарылдыгы ченемдик укуктук актылардын талаптары жана (же) башка адамдардын кызыкчылыктары менен шартталышы мүмкүн.
Берененин тексти 24.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
31-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-апрелиндеги № 245 "Жалданмачылыкка каршы күрөшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 06.04.2006 · № 245 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112309/st-31" title="31-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>