Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
2921-берене. Күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды сатуу максатын көздөбөстөн мыйзамсыз жүгүртүү
Күчүндө · 24.07.2026 редакциясы · 37-глава
1. Күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттардын же болбосо аларды даярдоо же кайра иштетүү үчүн жабдууларды сатуу максатын көздөбөстөн ири өлчөмдө мыйзамсыз даярдоо, кайра иштетүү, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү -
500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же болбосо алты айдан бир жылга чейин эркиндигин чектөө менен, же болбосо кырктан жүз саатка чейинки коомдук иштерге тартуу менен жазаланат.
2. Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган ошол эле жосундар -
эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Күчтүү таасир этүүчү заттар деп баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлорунун тизмелерине кирбеген, адамдын организмине психоактивдүү таасир этүүчү же болбосо күчтүү таасир этүүчү заттардын тизмелерине кирген психоактивдүү заттардын таасирин күчөтүүчү психоактивдүү заттар түшүнүлөт. Ушул Кодекстин беренелери боюнча жосундарды квалификациялоо үчүн маанилүү болгон заттарды күчтүү таасир этүүчү жана уулуу заттарга кошуу критерийлери, күчтүү таасир этүүчү жана уулуу заттардын тизмелери, ошондой эле алардын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. (КР 2025-жылдын 14-мартындагы № 56 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 24.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112309/st-2921" title="2921-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>