22-берене. Жалпы жана атайын ченемдердин атаандашуусундагы, толук жана анын бөлүгүнүн атаандашуусундагы кылмыш-жаза-укуктук квалификациянын эрежелери
Күчүндө · 24.07.2026 редакциясы · 3-глава
1. Атайын укуктук ченем болуп жалпы ченем сыяктуу эле жосун үчүн окшош жоопкерчиликти караган, бирок кылмыш курамынын жалпы ченемде жок кошумча белгилерин камтыган ченем эсептелет.
2. Эгерде ушул Кодекстин беренелеринде (беренелеринин бөлүктөрүндө) каралган жосун жалпы жана атайын ченемдердин атаандашуусун түзсө, анда ушул Кодекстин атайын ченемди камтыган беренеси (беренесинин бөлүгү) гана колдонулат. Ушул Кодекстин жалпы жана тиешелүү атайын ченемдерди караган беренелерин (беренелеринин бөлүктөрүн) бир мезгилде колдонууга жол берилбейт.
3. Ушул Кодекстин жасалган жосун камтыган ченемди камтыган беренеси (беренесинин бөлүгү) бүтүндөй алганда колдонууда ушул Кодекстин жасалган жосундун бөлүгүн камтыган ченемди камтыган беренесинин (беренесинин бөлүгүнүн) алдында артыкчылык кылат.
Ушундай артыкчылыкка аякталбаган кылмыш жөнүндө ченемге караганда аякталган кылмыш тууралуу ченем, андагы кылмышты уюштуруучунун, тукуруучунун же көмөкчүнүн кошо катышуусу жөнүндө ченемге караганда кылмышты аткаруу жөнүндө ченем, мындай кылмыштын курамын караган ченемге караганда курамдуу кылмыш (мыйзам менен эске алынган кылмыштар жыйындысы) жөнүндө ченем артыкчылыкка ээ болот.
Берененин тексти 24.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112309/st-22" title="22-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>