1601-берене. Сойкулукту жана ыпластыкты интернет тармактары (вебкам-студиялар) аркылуу уюштуруу жана аларга көмөктөшүү
Күчүндө · 24.07.2026 редакциясы · 24-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 июля 2024 года № 153
1. Акчалай пайда же башка материалдык компенсацияларды алуу максатында адамдын сексуалдык каалоолорун же фантазияларын канааттандырууга багытталган, анын ичинде көрүүчү жана оозеки интимдик мамилелерди камтыган сойкулукту жана ыпластыкты атайын платформанын (вебкам-студиянын) жардамы менен түз эфирде (онлайн) интернет аркылуу уюштуруу жана ага көмөктөшүү -
1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып пул салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Ошол эле жосундар төмөнкүлөр тарабынан жасалса:
1) адамдардын тобу тарабынан;
2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, -
мүлкүн конфискациялоо менен же аны колдонбостон, беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
3. Уюшкан кылмыштуу топтун, кылмыштуу коомдоштуктун курамында жасалган ошол эле жосундар -
мүлкүн конфискациялоо менен жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
4. Ушул берененин 1-3-бөлүктөрүндө каралган балдарды пайдалануу менен жасалган жосундар, -
мүлкүн конфискациялоо менен он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.". Эскертүү. Вебкам-студия деп адамдын акчалай пайда алуу же башка материалдык пайда өндүрүү (вебкам-бизнес) максатында, бул үчүн атайын уюштурулган жана жабдылган жайларда атайын платформанын жардамы менен интернет аркылуу түз эфирде сексуалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана сексуалдык мүнөздөгү башка ыплас аракеттерди жасоону уюштуруусун түшүнүү керек. (КР 2024-жылдын 29-июлундагы № 153 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)
Берененин тексти 24.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1601-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 29 июля 2024 года № 153 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях)"Редакцияларды салыштыруу
29.07.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
кошулду: Сойкулукту жана ыпластыкты интернет тармактары (вебкам-студиялар) аркылуу уюштуруу жана аларга көмөктөшүү 1. Акчалай пайда же башка материалдык компенсацияларды алуу максатында адамдын сексуалдык каалоолорун же фантазияларын канааттандырууга багытталган, анын ичинде көрүүчү жана оозеки интимдик мамилелерди камтыган сойкулукту жана ыпластыкты атайын платформанын (вебкам-студиянын) жардамы менен түз эфирде (онлайн) интернет аркылуу уюштуруу жана ага көмөктөшүү - 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып пул салууга же үч жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 2. Ошол эле жосундар төмөнкүлөр тарабынан жасалса: 1) адамдардын тобу тарабынан; 2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан, - мүлкүн конфискациялоо менен же аны колдонбостон, беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 3. Уюшкан кылмыштуу топтун, кылмыштуу коомдоштуктун курамында жасалган ошол эле жосундар - мүлкүн конфискациялоо менен жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. 4. Ушул берененин 1-3-бөлүктөрүндө каралган балдарды пайдалануу менен жасалган жосундар, - мүлкүн конфискациялоо менен он беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.". Эскертүү. Вебкам-студия деп адамдын акчалай пайда алуу же башка материалдык пайда өндүрүү (вебкам-бизнес) максатында, бул үчүн атайын уюштурулган жана жабдылган жайларда атайын платформанын жардамы менен интернет аркылуу түз эфирде сексуалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана сексуалдык мүнөздөгү башка ыплас аракеттерди жасоону уюштуруусун түшүнүү керек. (КР 2024-жылдын 29-июлундагы № 153 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112309/st-1601" title="1601-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>