86-берене. Буюм далилдери
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 10-глава
1. Кылмыштын куралы катары кызмат кылышы же өзүндө кылмыштын издерин сактап калган же укукка каршы аракеттердин объектилери болгон деп болжоого негиз берген буюмдар, ошондой эле кылмышты аныктоо, иштин иш жүзүндөгү жагдайларын белгилөө, күнөөкөрлөрдү аныктоо же болбосо күнөөнү жокко чыгаруу же жоопкерчиликти жумшартуу үчүн каражат катары колдонулган мүмкүн болгон акчалар, буюмдар, документтер жана башка баалуулуктар буюм далилдери деп таанылат.
2. Буюм далилдери текшерип кароонун протоколдорунда кеңири жазылууга, видеого жана (же) фотосүрөткө тартылууга тийиш. Буюм далилдери тергөөчүнүн, судьянын токтому, соттун аныктамасы менен ишке кошо тиркелет жана сакталууга тийиш.
3. Ушул Кодекстин 87-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, ишти бир тергөөчүдөн башкасына өткөрүп берүүдө, ошого тете ишти прокурорго жана сотко жиберүүдө же болбосо ишти бир соттон башкасына өткөрүп берүүдө, буюм далилдери иш менен кошо өткөрүп берилет.
4. Өкүмдө, аныктамада же ишти кыскартуу жөнүндө токтомдо буюм далилдери жөнүндө чечим камтылууга тийиш, мында:
1) шектүүгө, айыпталуучуга таандык болгон кылмыштын куралдары конфискацияланууга жатат;
2) колдонууга тыюу салынган буюмдар берилбейт жана тиешелүү уюмдарга өткөрүп берүүгө же жок кылынууга тийиш;
3) эч кандай баалуулугу жок жана пайдалануу үчүн жараксыз буюмдар жок кылынууга, ал эми ишке кызыкдар адамдар же уюмдар өтүнүч кылган учурда аларга берилүүгө тийиш;
4) кылмыштуу жол менен алынган акчалар жана башка баалуулуктар соттун өкүмү, аныктамасы, судьянын токтому, ал эми айыпталуучунун өлүмүнө же аны акыл-эси соо эмес деп табылгандыгына байланыштуу иш кыскартылганда - тергөөчүнүн токтому менен мамлекеттин кирешесине алынууга жатат, калган буюмдар мыйзамдуу ээлерине тапшырылат, ал эми алар аныкталбаса мамлекеттин менчигине өтөт. Ал буюмдардын таандыктуулугу жөнүндө талаш жарандык сот өндүрүшүнүн тартибинде чечилүүгө тийиш;
5) паранын же контрабанданын предмети болуп саналган акчалар жана башка баалуулуктар соттун өкүмү боюнча кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык мамлекеттин кирешесине алынууга жатат. Эгерде адам өзүнөн пара берүүнү талап кылгандыгы жөнүндө ыктыярдуу билдирсе жана пара алуучуну колунан кармоого көмөктөшсө, анда паранын предмети соттун чечими боюнча ээсине кайтарып берилет.
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
86-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Кылмыш иштери боюнча буюм далилдерин эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү, берүү, ташуу, жөнөтүү, жок кылуу, кайра иштетүү, сатуу тартиби жөнүндө типтүү нускама (КР Министрлер…Инструкция · 01.03.2025 · № 102
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-марты № 102 "Конфискацияланган, ээси жок, кароосуз калган мүлктөрдү, кылмыш иштери, укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча…Постановление · 01.03.2025 · № 102
- Жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча буюмдук далилдерди эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү, берүү, ташуу, жөнөтүү, жок кылуу, кайра иштетүү, сатуу тартиби жөнүндө…Инструкция · 30.05.2019 · № 234 · Күчүн жоготкон
- Положение о порядке обращения с бесхозяйными, брошенными, потерянными (найденными) или изъятыми из незаконного оборота на территории Кыргызской Республики наркотическими…Положение · 09.11.2007 · № 543 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112308/st-86" title="86-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>