Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
522-берене. Чет мамлекеттин аймагында жүргөн адамды өткөрүп берүү (экстрадициялоо) тууралуу суроо-талапты жөнөтүү
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 60-глава
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурда жана тартипте, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин негизинде же өз ара түшүнүшүү принцибинин шарттарында Башкы прокуратура Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш жасаган адамды, эгерде ага карата айыптоочу өкүм же айыпталуучу катары жоопко тартуу жөнүндө токтом чыгарылса, өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап менен чет мамлекеттин компетенттүү органына кайрылат.
Эгерде эл аралык келишимде башкача каралбаса, суроо-талап мамлекеттик же расмий тилде түзүлөт жана ал жазуу жүзүндө же электрондук кол коюлган документ түрүндө жиберилүүчү чет мамлекеттин тилине которулат.
2. Эгерде өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талапты жөнөтүүгө байланыштуу аракет эки мамлекеттин мыйзамдарына ылайык кылмыш түрүндө жазалануучу болуп саналса жана аны жасагандыгы үчүн кеминде бир жылдан кем эмес мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө же алда канча оор жаза каралса - кылмыш куугунтуктоо үчүн өткөрүп берилген учурда же адам 6 айдан кем эмес мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга соттолсо-өкүмдү аткаруу үчүн өткөрүп берилген учурда өз ара түшүнүшүү принцибинин негизинде адамды өткөрүп берүү жөнүндө суроо-талап жөнөтүлөт.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112308/st-522" title="522-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>