Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
505-берене. Жарашуу тартиби
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 58-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 января 2024 года № 24
1. Жарашуу жөнүндө өтүнүч тараптар тарабынан, ошондой эле медиатордун жардамы менен берилиши мүмкүн.
2. Тараптардын ортосундагы жарашууга коркунучтуулугу аз жана анча оор эмес кылмыштар боюнча иштердин өндүрүшүндө жетишүү мүмкүн.
3. Жарашуу сотко чейинки өндүрүш башталган учурдан тартып кассациялык инстанциядагы соттун чечими чыгарылганга чейин жетишилиши мүмкүн.
4. Жарашуу жөнүндө өтүнүч боюнча макулдукка жетишпеген учурда аны билдирүү фактысы айыптоодон баш тартуу же өзүнүн күнөөсүн мойнуна алуу катары каралышы мүмкүн эмес.
5. Тергөөчү, сот тараптарга жарашууга болгон укугу, аны ишке ашыруу механизми жөнүндө түшүндүрүүгө жана макулдашууну түзүүгө тоскоолдук кылбоого милдеттүү.
6. Эгерде сот өндүрүшү бир же бир нече кылмыш жасаган бир нече адамга карата жүргүзүлүп жатса жана жарашуу жөнүндө макулдашууну түзүү боюнча макулдук жабырлануучулардын бардыгы менен жетишилбесе, мындай макулдашуу алардын бири (бир нечеси) менен түзүлүшү мүмкүн. Жарашуу жөнүндө макулдашууга жетишилген айыпталуучуга (айыпталуучуларга) карата иш кыскартылууга тийиш.
7. Эгерде иш боюнча бир кылмыштан бир нече жабырлануучу катышса, жарашуу жөнүндө макулдашуу бардык жабырлануучулар менен гана түзүлүүгө жана бекитилүүгө тийиш.
8. Эгерде иш боюнча ар кандай кылмыштардан бир нече жабырлануучу катышса жана жарашуу жөнүндө макулдашууну түзүү боюнча макулдук жабырлануучулардын бардыгы менен жетишилбесе, мындай макулдашуу жабырлануучулардын бири (бир нечеси) менен түзүлүшү мүмкүн. Жарашуу жөнүндө макулдашуу жетишилген айыпталуучуга (айыпталуучуларга) карата иш кыскартылууга тийиш.
(КР 2024-жылдын 22-январындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 22 января 2024 года № 24 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
22.01.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жардамы менен берилиши мүмкүн.
2. Тараптардын ортосундагы алынып салынды: жарашуу кошулду: жарашууга коркунучтуулугу аз жана анча оор эмес кылмыштар алынып салынды: боюнча, ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүгүндө жана 155-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш иштери боюнча алынып салынды: өндүрүштө жетилиши кошулду: иштердин өндүрүшүндө жетишүү мүмкүн.
3. Жарашуу сотко чейинки өндүрүш башталган учурдан тартып … айыпталуучуга (айыпталуучуларга) карата иш кыскартылууга тийиш.
кошулду: (КР 2024-жылдын 22-январындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112308/st-505" title="505-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>