Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
469-берене. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруунун жүрүшүндө бала үчүн кепилдиктер
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 54-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 14 ноября 2025 года № 259
1. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин балага, анын мыйзамдуу өкүлүнө жана жактоочуга кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруунун маңызы, аны колдонуу тартиби, узактыгы, кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу боюнча чараларды сактабоонун мүмкүн болгон шарттары жана кесепеттери жөнүндө толук маалымат берилүүгө тийиш.
2. Балага оозеки жана жазуу жүзүндө кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгарууга макулдугу ыктыярдуу болушу керектиги жана бала каалаган этапта кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгуудан баш тартууга укуктуу экендиги түшүндүрүлүшү керек.
3. Баланын кылмышты мойнуна алышы, ошондой эле кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу процессинде ал жөнүндө чогултулган маалымат сотто ага каршы колдонулушу мүмкүн эмес.
4. Ушул Кодекстин 468-беренесинин 6-бөлүгүндө көрсөтүлгөн органдардын кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишим боюнча милдеттенмелерди бала аткаргандыгы жөнүндө билдирүүсүнүн негизинде, тергөөчү баланы кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу программасынын аяктагандыгы жөнүндө маалыматтарды Кылмыштардын бирдиктүү реестрине токтоосуз киргизет.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 259 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
470- берене. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу боюнча чараларды колдонуу тартиби
1. Балага карата баланы кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу боюнча төмөнкүдөй чаралар колдонулушу мүмкүн.
1) келтирилген зыяндын ордун толук же жарым-жартылай толтуруу;
2) милдеттенме коюу;
3) кепилдикке өткөрүп берүү.
2. Тергөөчү жасалган кылмыштын мүнөзүн жана оордугун, баланын жаш курагын, анын күнөөсүнүн, келтирилген зыяндын даражаларын, ошондой эле анын кылмыш жасагандан кийинки жүрүм-турумун эске алуу менен кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу боюнча бир учурда бир нече чара колдонушу мүмкүн. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу боюнча чаралар ушул Кодекстин 54-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн документтердин негизинде аныкталууга тийиш.
3. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу боюнча чаралар акылга сыярлык жана жасалган кылмышка өлчөмдөш болууга тийиш. Баланы кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу процессинде анын ар-намысын жана кадыр-баркын кемсинткен, аны кадимки окуу процессинен четтеткен, ошондой эле баланын физикалык же психикалык ден соолугуна зыян келтирген милдеттенмелерди жүктөөгө тыюу салынат.
4. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгарууда жасалган кылмыш үчүн каралган мыйзамда белгиленген минималдуу жазадан кыйла катаал чараларды колдонууга тыюу салынат.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 259 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112308/st-469" title="469-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>