386-берене. Вердиктти кабыл алуу
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 45-глава
1. Сот арачылары өздөрүнүн алдына коюлган суроолорду талкуулоодо чечимди бир добуштан кабыл алууга умтулууга тийиш. Эгерде сот арачылары 3 сааттын аралыгында талкуулоодо бир чечимге келе албаса, анда чечим добуш берүү аркылуу кабыл алынат.
2. Сот арачыларынын вердикттери айыптоочу же актоочу болушу мүмкүн.
3. Сот арачыларынын 6дан кем эмеси ушул Кодекстин 385-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн 3 суроонун жок дегенде бирөөнө терс жоопко добуш берген учурда актоочу вердикт чыгарылат.
4. Сот арачыларынын 6дан кем эмеси ушул Кодекстин 385-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн 3 суроонун ар бирине ырастоочу жоопко добуш берген учурда айыптоочу вердикт чыгарылат.
5. Эгер актоочу да, айыптоочу да вердикттер кабыл алынбаса, анда вердикт чыгарылбаган болуп эсептелет, ал эми коллегия таркалууга тийиш.
Прокурор бир айдын ичинде сот арачыларынын жаңы курамынын алдында процессти кайра баштоо жөнүндө же болбосо кылмыш ишин кыскартуу жөнүндө сотко сунуш киргизиши керек. Прокурордон процессти кайра баштоо жөнүндө сунуш түшкөн учурда сот ушул главанын талаптарына ылайык жаңы коллегиянын түзүүгө киришет.
6. Сот арачыларынын алдына коюлган суроолорго жооптордо (“Ооба, күнөөлүү”, “Жок, күнөөлүү эмес” жана башка ушул сыяктуу жооптор) жооптун маңызын ачуучу же тактоочу, милдеттүү түрдө бышыктоону же четке кагууну түшүндүрүүчү сөз же сөз тизмеги болууга тийиш. Эгерде мурдагы суроого берилген жооп андан кийинки суроолорго жооп берүү зарылдыгын жокко чыгарса, улук андан кийин “Жоопсуз” деген сөздү жазат.
Айыпталуучунун күнөөлүүлүгү жөнүндө ырастоочу жооп берилгенде же анын аракети (аракетсиздиги) далилденгенде, сот арачылары жооптон кайсы бир фразаны алып салууну билдирген эскертүү жасоого укуктуу.
7. Суроолорго жооптор түздөн-түз, ар бир тиешелүү суроолордон кийин сот арачыларынын улугу тарабынан суроо баракчасына киргизилет.
8. Жооптон кийин улук суроо баракчасында добуштарды эсептөөнүн жыйынтыгын көрсөтөт. Коюлган суроолорго берилген жоопторду киргизүү менен суроо баракчасына улук тарабынан кол коюлат.
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
386-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112308/st-386" title="386-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>