359-берене. Айыпталуучуну камактан бошотуу
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 44-глава
Айыпталуучу акталганда, ошондой эле жазаны белгилебестен же жазаны өтөөдөн бошотуу, же пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу, же эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза өтөө мөөнөтүн кийинкиге калтыруу, же эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазага соттоо, же өндүрүш тарабынан кылмыш ишин токтотуу менен айыптоо өкүмү чыкканда, камакка алынган айыпталуучу соттун өкүмү же токтому мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин сот тарабынан кагаз жүзүндө же электрондук документ жүгүртүү тутуму аркылуу электрондук түрдө кол коюлган сот өкүмүнүн резолюциялык бөлүгүнүн негизинде сот залында же болбосо жаза-аткаруу тутумунун мекемесинен, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын тергөө камак изоляторунан, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гауптвахталарынан (гарнизондук гауптвахталардан) токтоосуз бошотулууга тийиш. Айыпталуучуга карата камакка алууга байланышпаган бөгөт коюу чарасы тандалат (КР 2025-жылдын 19-майындагы № 96 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
359-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112308/st-359" title="359-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>