309-берене. Соттук отурумдун протоколуна сын-пикирлер жана аларды карап чыгуу
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 41-глава
1. Соттук отурумдун протоколу менен таанышкан күндөн кийин 5 сутканын ичинде тараптар ага карата сын-пикирлерин бере алат.
2. Соттук отурумдун протоколуна сын-пикирлер төрагалык кылуучу судья тарабынан алар берилген күндөн тартып 5 күндүн ичинде каралат.
Зарыл учурларда төрагалык кылуучу судья сын-пикирлерди берген адамдарды алардын мазмунун тактоо үчүн чакырууга укуктуу.
3. Сын-пикирлерди карап чыгуунун натыйжасында төрагалык кылуучу судья алардын тууралыгын күбөлөндүрүү жөнүндө же аларды четке кагуу жөнүндө токтом чыгарат. Протоколго жана төрагалык кылуучу судьянын токтомуна карата сын-пикирлер соттук отурумдун протоколуна кошулат.
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
309-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112308/st-309" title="309-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>