304-берене. Соттук отурумда токтомдорду жана аныктамаларды чыгаруу тартиби
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 41-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 июля 2026 года № 117
1. Соттук териштирүү учурунда сот тарабынан чечилүүчү маселелер боюнча судья токтомдорду, сот аныктамаларды чыгарат, алар соттук отурумда жарыя кылынууга жатат.
2. Ушул Кодекстин 296-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган учурда соттук териштирүүдө ишти прокурорго кайтаруу, кылмыш ишин кыскартуу, айыпталуучуга карата бөгөт коюу жана кызмат ордунан убактылуу четтетүү чараларын колдонуу, өзгөртүү же жокко чыгаруу жөнүндө, четтетүүлөр, соттук экспертизаны дайындоо жөнүндө аныктама же токтом өзүнчө жайда чыгарылат жана судья же эгерде иш сот тарабынан коллегиялуу каралса, судьялар кол койгон өзүнчө процессуалдык документтер түрүндө жазылат.
3. Судьянын бардык башка токтомдору, соттун аныктамалары соттук отурумдун протоколуна киргизүү менен соттук отурумдун залында соттун кароосу боюнча чыгарылат.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 117 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
304-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 22 июля 2026 года № 117 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "Об обязательном государственном страховании жизни и здоровья военнослужащих и военнообязанных, призванных на учебные и специальные сборы, и приравненных к ним лиц")"Редакцияларды салыштыруу
22.07.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…кайтаруу, кылмыш ишин кыскартуу, айыпталуучуга карата бөгөт коюу кошулду: жана кызмат ордунан убактылуу четтетүү чараларын колдонуу, өзгөртүү же жокко чыгаруу жөнүндө, четтетүүлөр, … менен соттук отурумдун залында соттун кароосу боюнча чыгарылат. кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-июлундагы № 117 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112308/st-304" title="304-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>