Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
275-берене. Кылмыш ишинин сотко аймактык караштуулугун өзгөртүү
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 38-глава
1. Иштин сотко аймактык караштуулугу төмөнкү учурларда өзгөртүлүшү мүмкүн:
1) тараптын өтүнүчү боюнча – тийиштүү соттун бүткүл курамын четтетүү жөнүндө анын билдирүүсү ушул Кодекстин 66-беренесине ылайык канааттандырылган учурда;
2) тараптын өтүнүчү боюнча же болбосо кылмыш иши келип түшкөн соттун төрагасынын демилгеси боюнча төмөнкү учурларда:
а) эгерде бул соттун бардык судьялары мурда каралып жаткан кылмыш иши боюнча өндүрүшкө катышса, бул ушул Кодекстин 64-беренесине ылайык аларды четтетүү үчүн негиз болуп саналат;
б) эгерде бул иш боюнча сот өндүрүшүнүн бардык катышуучулары бул соттун юрисдикциясы таралган аймакта жашабаса жана бардык айыпталуучулар бул иштин сотко аймактык караштуулугун өзгөртүүгө макул болушса.
2. Иштин сотко аймактык караштуулугун өзгөртүүгө соттук териштирүү башталганга чейин гана жол берилет.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча иштин сотко аймактык караштуулугун өзгөртүү жөнүндө маселе жогору турган соттун төрагасы, ал эми ал болбогондо анын орун басары тарабынан чечилет, бул жөнүндө токтом чыгарылат.
4. Жогору турган сот төмөн турган соттун чечимин жокко чыгарып, ишти ушул Кодекстин 62-64-беренелеринде көрсөтүлгөн жагдайлар болгондо башка соттун жаңы кароосуна жөнөтүүгө укуктуу.
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112308/st-275" title="275-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>