269-берене. Тергөө же атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү жөнүндө өтүнүчтү кароо тартиби
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 37-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 9 августа 2025 года № 193
1. Тергөө аракеттерин жүргүзүү жөнүндө өтүнүч тергөө жүргүзүлгөн жерде же аларды жүргүзүү жөнүндө өтүнүч берген органдын орун алган жери боюнча өтүнүч келип түшкөн учурдан тартып 24 сааттан кечиктирбестен, ушул Кодексте каралган учурларды кошпогондо, жабык соттук отурумда прокурордун, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын кызмат адамынын катышуусу менен тергөө судьясы тарабынан каралууга тийиш.
2. Атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү жөнүндө өтүнүч атайын тергөө аракеттери жүргүзүлүп жаткан жерде же аларды жүргүзүү жөнүндө өтүнүч берген органдын жайгашкан жеринде соттун отурумун өткөрбөстөн, өтүнүч келип түшкөн учурдан тартып 24 сааттан кечиктирбестен тергөө судьясынын жеке өзү тарабынан каралууга жатат.
3. Өтүнүчтү кароонун натыйжалары боюнча тергөө судьясы баш тартуунун себептерин көрсөтүү менен тергөө же атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүгө уруксат берүү же аларды жүргүзүүдөн баш тартуу жөнүндө токтом чыгарат. Мында, бир нече тергөө же атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү жөнүндө өтүнүчтөр ар бир тергөө аракет үчүн өзүнчө түзүлөт жана ар бир конкреттүү учурда өзүнчө чечилет.
Эгерде өтүнүч тергөө органы жайгашкан жер боюнча эмес же процессуалдык аракеттер жүргүзүлүп жаткан жер боюнча эмес берилсе, анда тергөө судьясы аны кайтарып берүү жөнүндө токтом чыгарат.
4. Тергөө судьясы төмөнкүдөй жетиштүү маалыматтар бар деп эсептелгенде, атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алат:
1) дайынсыз жоголгон адамдарды издөө жүзөгө ашырылууда. Мында ушул Кодекстин 220-беренесинин 2, 3, 5 жана 6-пункттарында каралган атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүгө уруксат берилет;
1-1) тергөө токтотулган кылмыш иштери боюнча же айыпталуучунун келишин камсыз кылуу жана (же) издөөнү уюштуруу үчүн прокурорго жөнөтүлгөн соттун токтому болгондо айыпталуучуга издөө жүргүзүлөт. Мында ушул Кодекстин 220-беренесинин 2, 3, 5 жана 6-пункттарында каралган атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүгө уруксат берилет.
2) атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүнүн натыйжасында өз алдынча же болбосо болгон башка далилдердин (маалыматтардын) жыйындысында кылмыш ишинин, жагдайларын же кылмышты жасаган адамдарды аныктоо үчүн олуттуу мааниси болушу мүмкүн деген далилдер алынышы мүмкүн болгондо.
5. Атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү жөнүндө тергөө судьясынын токтому ушул Кодексте каралган аны түзүү боюнча жалпы талаптарга жооп берүүгө, ошондой эле төмөндөгүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
1) атайын тергөө амалдарын жүргүзүү жөнүндө өтүнүч берген тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын кызмат адамы жөнүндө маалыматтар;
2) чечим кабыл алына турган сотко чейинки өндүрүшкө байланыштуу кылмыштын жагдайларынын кыскача баяндалышы;
3) атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүнүн зарылдыгы бар адам (адамдар), жер же предмет жөнүндө;
4) жүргүзүү зарыл болгон атайын тергөө аракеттеринин түрү (түрлөрү);
5) токтомду колдонуу мөөнөтү.
6. Кошумча материалдарды талап кылуу зарыл болгон учурда өтүнүчтү белгиленген мөөнөттөн ашык, бирок 72 сааттан ашпаган мөөнөттө кароого жол берилет.
7. Атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүдөн баш тартуу жөнүндө тергөө судьясы тарабынан токтом кабыл алуу андай уруксат берүү жөнүндө жаңы өтүнүч менен кайталап кайрылууга жолтоо болбойт.
8. Атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү жөнүндө тергөө судьясы тарабынан чыгарылган токтомду колдонуу мөөнөтү ал чыгарылган күндөн тартып суткалар менен эсептелет жана 2 айдан ашпоого тийиш. Токтомду колдонуу мөөнөтүн узартуу зарыл болгондо, тергөө судьясы жаңыдан берилген материалдардын негизинде токтом чыгарат.
9. Тергөө же атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүдөн баш тартуу жөнүндө тергөө судьясынын токтому даттанууга жатпайт. Тергөө судьясынын тергөө аракеттерин жүргүзүү жөнүндө токтому апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн.
(КР 2025-жылдын 9-августундагы № 193 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
269-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 9 августа 2025 года № 193 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
09.08.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…каралган учурларды кошпогондо, жабык соттук отурумда прокурордун, алынып салынды: тергөөчүнүн кошулду: тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын кызмат адамынын катышуусу менен тергөө судьясы тарабынан каралууга алынып салынды: жатат.
кошулду: тийиш.
2. Атайын тергөө аракеттерин жүргүзүү жөнүндө өтүнүч атайын тергөө … каралган атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүгө уруксат берилет;
кошулду: 1-1) тергөө токтотулган кылмыш иштери боюнча же айыпталуучунун келишин камсыз кылуу жана (же) издөөнү уюштуруу үчүн прокурорго жөнөтүлгөн соттун токтому болгондо айыпталуучуга издөө жүргүзүлөт. Мында ушул Кодекстин 220-беренесинин 2, 3, 5 жана 6-пункттарында каралган атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүгө уруксат берилет.
2) атайын тергөө аракеттерин жүргүзүүнүн натыйжасында өз алдынча же … эле төмөндөгүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
1) атайын тергөө алынып салынды: аракеттерин кошулду: амалдарын жүргүзүү жөнүндө өтүнүч берген алынып салынды: тергөөчү жөнүндө;
кошулду: тергөөчү, алгачкы текшерүү органынын кызмат адамы жөнүндө маалыматтар;
2) чечим кабыл алына турган сотко чейинки өндүрүшкө байланыштуу … жүргүзүү жөнүндө токтому апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн.
кошулду: (КР 2025-жылдын 9-августундагы № 193 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112308/st-269" title="269-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>