249-берене. Токтотулган тергөөнү кайра баштоо
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 33-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 октября 2026 года № 148
1. Токтотуу үчүн негиздер жоюлгандан кийин токтотулган тергөө прокурордун макулдугу менен тергөөчүнүн жүйөлөштүрүлгөн токтому менен кайра башталат.
2. Тергөөчүнүн токтотуу жөнүндө токтомун жокко чыгарууга байланыштуу токтотулган тергөө прокурордун жүйөлөштүрүлгөн токтому менен да кайра башталышы мүмкүн.
3. Тергөөнүн кайра башталышы жөнүндө шектүүгө, айыпталуучуга жана адвокатка, ошондой эле жабырлануучуга жана (же) анын өкүлүнө кабарламаны жиберүү жана алуу фактысын белгилөөгө мүмкүнчүлүк берүүчү кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу билдирилет.
Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлама жиберүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк же болбосо зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда, кабарлама тиешелүү кабарлама жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, электрондук почта же телекоммуникациянын башка ушуга окшош формалары аркылуу жөнөтүлөт. Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервисинин иштөө тартиби, ошондой эле көрсөтүлгөн сервис аркылуу кабарламаларды (кабарлоолорду, чакыруу кагаздарын, документтерди) жиберүү, жеткирүү жана белгилөө Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
4. Кайра баштоо жөнүндө маалыматтар Кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизилет.
(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-октябрындагы № 148 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
249-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-июлундагы № 477 "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" токтомуПостановление · 10.07.2015 · № 477 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112308/st-249" title="249-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>