Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
233-берене. Адамды же жерди аудиовидео контролдоо
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 31-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 9 августа 2025 года № 193
1. Адамды же жерди аудиовидео контролдоо адамдын сүйлөгөн маалыматтарын, жүрүш-турушун же сүйлөшүүлөрүн жана башка дабыштарды, так аныкталган жерде өткөн окуяларды аудио же видео техниканын же болбосо башка техникалык атайын каражаттардын жардамы менен жашыруун белгилөөнү билдирет. Адамды же жерди жашыруун аудиовидео контролдоо тергөө судьясынын токтомунун негизинде жүргүзүлөт.
2. Тергөөчү алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнө адамга же жерге конспиративдик аудиовидео контролун жүргүзүүнү тапшырат. Адамдын жана жердин конспиративдик аудиовидео контролу аяктагандан кийин алгачкы текшерүү органынын бөлүмүнүн кызмат адамы жазып алуунун негизи, башталган жана аякталган убактысы, узактыгы көрсөтүлүүгө тийиш болгон коштомо кат менен мөөр басылган түрдөгү иш үчүн мааниси бар аудиовидео жазып алууларды тергөөчүгө берет.
3. Тергөөчү зарыл болгондо алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн адисин жана кызматкерин тартуу менен алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу бөлүмүнүн кызмат адамынан алынган отчётту жана аудиовидео жазып алууларды изилдейт. Изилдөөнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүлөт.
4. Ушул Кодекстин 219-беренесинин 4-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында каралган негиздер жана шарттар болгондо алгачкы текшерүү органынын кызмат адамы ушул беренеде аныкталган тартипте адамды же жерди аудиовидео контролдоону жүргүзүүгө укуктуу.
(КР 2025-жылдын 9-августундагы № 193 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 9 августа 2025 года № 193 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
09.08.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…изилдейт. Изилдөөнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүлөт. кошулду: 4. Ушул Кодекстин 219-беренесинин 4-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында каралган негиздер жана шарттар болгондо алгачкы текшерүү органынын кызмат адамы ушул беренеде аныкталган тартипте адамды же жерди аудиовидео контролдоону жүргүзүүгө укуктуу. (КР 2025-жылдын 9-августундагы № 193 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112308/st-233" title="233-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>