Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
230-берене. Сүйлөшүүлөрдү тыңшоо
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 31-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 9 августа 2025 года № 193
1. Адамдардын телефон жана башка сүйлөшүүлөрүндө кылмыш иши үчүн мааниси бар маалыматтар камтылышы мүмкүн деп шектенүүгө жетиштүү негиздер болгондо, тергөөчү тергөө судьясынын токтомунун негизинде аларды контролдоого жана жазып алууларды жүргүзүүгө укуктуу.
Шектүү, айыпталуучу жана анын адвокатынын ортосундагы сүйлөшүүлөрүн тыңшоого тыюу салынат.
2. Телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдү контролдоону жана жазып алууларды жүргүзүү жөнүндө тергөө судьясынын токтомунда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) телефондук жана башка сүйлөшүүлөрү контролдонууга жана жазып алууларга жаткан адамдын фамилиясы, аты жана атасынын аты;
2) аталган атайын тергөө аракетин жүргүзүүлөр боюнча негиздер;
3) контролду жана жазып алууларды жүзөгө ашыруу мөөнөтү;
4) контролду жана жазып алууларды техникалык жүзөгө ашыруу тапшырылган органдын аталышы.
3. Телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдү контролдоо жана жазып алуу жөнүндө токтом тергөөчү тарабынан тиешелүү органга аткаруу үчүн жиберилет.
4. Телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдү контролдоону жана жазып алууларды жүргүзүү, эгерде аталган чарада зарылчылык жок болсо, тергөөчүнүн токтому боюнча токтотулат.
5. Телефондон жана башка сүйлөшүүлөрдү контролдоо жана жазып алуунун бардык мөөнөтүндө тергөөчү аларды жүргүзүп жаткан органдан фонограмманы карап чыгуу жана угуу үчүн кайсы гана мезгил болбосун талап кылууга укуктуу. Фонограмма тергөөчүгө коштомо кат менен мөөр басылган түрдө берилет, анда бул сүйлөшүүлөрдү жазып алуу башталган жана аяктаган күн жана убакыт көрсөтүлөт жана бул учурда колдонулган техникалык каражаттардын кыскача мүнөздөмөсү жазылат.
6. Тергөөчү фонограмманы карап чыгуунун жана угуунун натыйжалары жөнүндө, зарыл болгондо адистин катышуусу менен протокол түзөт, анда тергөөчүнүн пикири боюнча бул кылмыш ишине тиешеси бар болгон фонограмманын бөлүгү сөзмө-сөз жазылууга тийиш.
7. Фонограмма буюм далили катары кылмыш ишинин материалдарына толук өлчөмдө тиркелет жана фонограмманы бөтөн адамдардын угуусунун жана көбөйтүүсүнүн мүмкүндүгүн жокко чыгарган жана анын сакталуусун жана аны кайталап угуу, анын ичинде соттук отурумда угуу үчүн техникалык жарактуулугун сактаган шарттарда мөөр басылган түрдө сакталат.
8. Ушул Кодекстин 219-беренесинин 4-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында каралган негиздер жана шарттар болгондо алгачкы текшерүү органынын кызмат адамы ушул беренеде аныкталган тартипте сүйлөшүүлөрдү тыңшоого жүргүзүүгө укуктуу.
(КР 2025-жылдын 9-августундагы № 193 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 9 августа 2025 года № 193 "О внесении изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
09.08.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жарактуулугун сактаган шарттарда мөөр басылган түрдө сакталат. кошулду: 8. Ушул Кодекстин 219-беренесинин 4-бөлүгүнүн үчүнчү абзацында каралган негиздер жана шарттар болгондо алгачкы текшерүү органынын кызмат адамы ушул беренеде аныкталган тартипте сүйлөшүүлөрдү тыңшоого жүргүзүүгө укуктуу. (КР 2025-жылдын 9-августундагы № 193 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112308/st-230" title="230-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>