17-берене. Күнөөсүздүк презумпциясы
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 2-глава
1. Ар ким анын күнөөлүүлүгү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун айыптоо өкүмү менен белгиленмейинче, кылмыш жасоого күнөөсүз деп эсептелет.
2. Эч ким өзүн күнөөсүздүгүн далилдөөгө милдеттүү эмес. Шектүүнү, айыпталуучуну коргоодо келтирилген далилдерди четке кагуу жана күнөөнү далилдөө жүгү айыптоо тарабында жатат.
3. Ушул Кодекстин ченемдери бири-бирине карама-каршы келгенде, алардын кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн принциптерине ылайык келген ченемдери колдонулууга тийиш.
Шектүүнүн же айыпталуучунун күнөөлүүлүгү боюнча кандай болбосун күмөн саноолор алардын пайдасына чечмеленет. Кылмыш-жаза жана Кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарын колдонууда пайда болгон күмөн саноолор да шектүүнүн, айыпталуучунун пайдасына чечилүүгө тийиш.
4. Айыптоо өкүмү божомолдорго негизделиши мүмкүн эмес.
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
17-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндөЗакон · 31.10.2002 · № 150 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112308/st-17" title="17-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>