113-берене. Үй камагы
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 13-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 июля 2024 года № 133
1. Үй камагы айыпталуучунун ары-бери эркин жүрүүсүн чектөөлөрдөн турат, ага белгилүү бир адамдар менен сүйлөшүүгө, кат-кабар алууга жана жөнөтүүгө, турак жайынан сутка бою же сутканын белгилүү бир мезгилинде чыгып кетүүгө, соттун уруксатысыз административдик аймактын чегинен чыгууга, маалыматтык-телекоммуникациялык байланышты пайдаланууга тыюу салынат.
11. Экономикалык ишти жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттерине карата бөгөт коюу чараларын колдонуу жөнүндө маселени чечүүдө үй камагын колдонуу биринчи кезекте каралууга тийиш.
2. Үй камагы айыпталуучуга карата тергөө судьясынын, судьянын токтому, соттун аныктамасы боюнча ушул Кодекстин 104, 107-беренелеринде белгиленген негиздер болгондо жана тартипте бөгөт коюу чарасы катары колдонулат.
3. Үй камагы түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө тергөө судьясынын, судьянын токтомунда, соттун аныктамасында бул бөгөт коюу чарасын аткаруунун шарттары (айыпталуучу болуучу жер, үй камагынын мөөнөтү жана (же) айыпталуучуга карата белгиленген тыюу салуулар жана (же) чектөөлөр жана аларды сактоонун мөөнөттөрү) көрсөтүлөт, ошондой эле белгиленген чектөөлөрдүн аткарылышын контролдоо жүктөлгөн орган жана кызмат адамы көрсөтүлөт.
Контролду жүзөгө ашыруу максатында контролдун аудиокөрмө, электрондук жана башка техникалык каражаттар Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте пайдаланылышы мүмкүн.
4. Айыпталуучу үй камагынын шарттарын бузган учурда ага карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулуп, ал жөнүндө тергөө судьясынын, судьянын токтомунда же бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жөнүндө соттун аныктамасында көрсөтүлөт.
(КР 2024-жылдын 22-июлундагы № 133 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
113-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 22 июля 2024 года № 133 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере защиты прав предпринимателей и инвесторов"Редакцияларды салыштыруу
22.07.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…байланышты пайдаланууга тыюу салынат. кошулду: 11. Экономикалык ишти жүзөгө ашыруучу ишкердик субъекттерине карата бөгөт коюу чараларын колдонуу жөнүндө маселени чечүүдө үй камагын колдонуу биринчи кезекте каралууга тийиш. 2. Үй камагы айыпталуучуга карата тергөө судьясынын, судьянын … бөгөт коюу чарасын өзгөртүү жөнүндө соттун аныктамасында көрсөтүлөт. кошулду: (КР 2024-жылдын 22-июлундагы № 133 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112308/st-113" title="113-берене - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>