561-берене. Коомдук иштерге тартуу жөнүндө токтомду аткаруу
Күчүндө · 09.10.2026 редакциясы · 58-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 октября 2026 года № 149
1. Коомдук иштерге тартуу жөнүндө соттун токтому Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте пробация органдары менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталуучу объекттерде укук бузуучунун жашаган жери боюнча пробация органдары тарабынан аткарылат.
2. Коомдук иштердин түрлөрүнүн жана аткаруу объекттеринин тизмеги пробация органдары менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталат.
3. Коомдук иштер түрүндөгү жаза чарасы жөнүндө соттун мыйзамдуу күчүнө кирген токтому пробация органдарына келип түшкөн күндөн тартып он күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен аткарылат.
4. Коомдук иштерге тартылган укук бузуучулар соттун токтому күчүнө кирген күндөн тартып он күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен соттун чечимин аткаруу үчүн пробация органына келүүгө милдеттүү.
5. Пробация органдары:
1) коомдук иштерге тартуу түрүндө жаза чарасы колдонулган адамдарды эсепке алууну жүргүзөт;
2) аларга коомдук иштерге тартуу түрүндөгү жаза чарасын өтөө тартибин жана шарттарын түшүндүрөт;
3) коомдук иштерди аткаруунун объекттерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашат;
4) алар тарабынан иштелген убакыттын суммалык эсебин жүргүзөт.
5) электрондук-техникалык контролдоо каражаттарын пайдаланышат.
Эскертүү. Электрондук-техникалык контролдоо каражаттары - коомдук жумуштардын аткарылышын контролдоо үчүн арналган түзүлүштөр жана программалык камсыздоо. (КР 2026-жылдын 6-октябрындагы № 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 09.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
561-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112306/st-561" title="561-берене - Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>